Кыргыз балбандары Казакстанда өткөн эл аралык мелдеште бир алтын жана бир күмүш медаль утушту

4-ноябрда Кыргызстандык балбандар Казакстандын Тараз шаарында өткөн эркин күрөш боюнча эл аралык турнирде бир алтын жана бир күмүш медалга ээ болушту. Мелдеш казак саясий ишмери Динмухамед Кунаевдин жаркын элесине арналып уюштурулду.

Эрназар Акматалиев жана Алмаз Сманбеков.

Маалыматка ылайык, балбан Эрназар Акматалиев эркин күрөш боюнча 70 килограмм салмакта биринчи орунду ээледи. Ал финалдык беттеште америкалык спортчуну утуп, жеңишке жетти.

Ал эми күрөштүн ушул эле түрү боюнча 57 килограмм салмакта күч сынашкан Алмаз Сманбеков күмүш медаль тагынды. Ал финалдык беттеште казакстандык спортчу Майрамбек Картпайга 10:12 эсебинде жеңилди.

Эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеш Казакстандын Тараз шаарында 3-ноябрда башталган. Бул мелдеш 2007-жылдан бери белгилүү коомдук саясий ишмер Динмухамед Кунаевдин элесине арналып өткөрүлүп келет. Турнир 2012-жылдан бери эл аралык мелдештердин катарына кирген.