Улуу Британиянын элчиси Чарльз Гаррет Кыргызстандагы миссиясын аяктады

Чарльз Гаррет

Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Гаррет дипломатиялык миссиясы мөөнөтүнөн мурда аяктап жатканын билдирди. Ал бул тууралуу соцтармактагы баракчасына жарыялады.

«Жеке жана үй-бүлөлүк себептерден улам Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси кызматым аяктады. Мен кетип жатканыма кайгырып турам, бирок Кыргызстандай эң кооз өлкөдө жашап, иштеген үч жылдан ашык убактымды жакшы сезимдер менен эстейм», — деп жазды ал.

Элчи билдирүүсүндө «Кыргызстан кыйынчылыктарга дуушар болуп жатканын, бирок жаратман, эркиндикти сүйгөн адамдардын жардамы менен өнүгүп, өсө турганын» белгиледи.

Дипломат эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер мурдагы калыбында өзгөрүүсүз уланат деп ишенээрин кошумчалады.

Чарльз Гаррет Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси болуп 2019-жылдын жаз айынан бери иштеп келе жаткан.