Мирлан Жакыпов энергетика министринин орун басары болуп дайындалды

«Кыргызкөмүр» ишканасынын жетекчиси Мирлан Жакыпов энергетика министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйруккао Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 14-ноябрда кол койгон.

Мирлан Жакыпов деген ким?

51 жаштагы Мирлан Жакыпов Нарын облусунун Жумгал районунда туулган. Ал Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетин аяктаган.

Жакыпов 2014-жылы «Кыргызкөмүр» ишканасынын жетекчисинин орун басары, 2015-жылы директору болуп дайындалган.

Vesti.kg маалымат агентигинин маалыматына ылайык, 2016-жылы ошол кездеги депутат Мээрбек Мискенбаев Жогорку Кеңештин сессиясында Жакыповду «35 миллион сомду кымырып алган» деп айыптаган. Бирок Жакыповдун күнөөсү сотто далилденбей соттук иш жабылган.

2020-жылы Жакыпов «Кыргызстан» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышкан. Ал эми өкмөт алмашкандан кийин 2021-жылы «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси болуп дайындалган.

«Кыргыз көмүр» ишканасындагы коррупция

2021-жылы 3-августта УКМК «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын ошол кездеги директору Канатбек Ашырбаев менен «Кара-Кече» филиалынын эсепчисин коррупцияга шектеп кармаган.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, шектүүлөр «Кара-Кече» кенинен казылган көмүрдү сатууда туруктуу коррупциялык схема түзүшкөн.

5-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту Ашырбаевди 3-октябрга чейин атайын кызматтын тергөө абагына камоо тууралуу чечим кабыл алган. Ушундан кийин мамлекеттик ишканага Балыкчы шаарынын мурдагы мэри Марат Турдубаев жетекчи болуп келген болчу.

Ал эми ушул жылдын июнь айында Башкы прокуратура «Кыргызкөмүр» ишканасынын жетекчилиги мамлекетке 127 миллион сомдон ашуун зыян келтиргенин аныктаган.

Анда мекеменин жетекчилиги жана жооптуу кызматкерлери «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекеттин кызыкчылыгына карабастан» эки ишкана менен «Кара-Кече» көмүр кенинен Балыкчы шаарына чейин 200 миң тонна көмүр жеткирүү үчүн атайын бекитилгенден эки эсе жогору баада келишим түзгөнү аныкталган.

Бишкек шаардык прокуратурасы бул факт боюнча «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Билип туруп пайдасыз контракт түзүү» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.