Жогорку Кеңештин депутаттары 17-ноябрда дароо үч окууда «Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимди» жана «Кемпирабад (Анжиан) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууну» ратификациялоо тууралуу мыйзамдардын долбоорун жактырышты.
Добуш берүүнүн алдында депутат Надира Нарматова Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышы түбөлүк жооптуу боло турган эң жоопкерчиликтүү чечимди кабыл алуу алдында турганын белгиледи.
«Экинчи чакырылышта Үзөңгү-Кууш чечилген, 2002-жылы, төртүнчү чакырылышта Каркыра чечилген, 2008-жылы. Жетинчи чакырылышта Кемпир-Абад, ушул жоопкерчилик биздин мойнубузга келип атат. Кемпир-Абадга жармашып алганыбыз менен биз мамлекеттик деңгээлде ой жүгүрткөнүбүз жакшы болот. Себиби суунун алдында 70 жылдан бери эч кимге пайдасы жок турган жерди, 4 миңден ашык гектар жерди 19 миң гектар жерге алмаштыруу менен маселени чечип атабыз. [...] Бул чек ара деген сөзсүз түрдө компромиске келүү, дипломатиялуу жолдор менен, алыш-бериш менен, бир жерден уттуруп, бир жерден утуп, ушундай маселе менен чечилет», — деди ал.
Ошондой эле Нарматова Өзбекстан менен чек аранын такталышы өлкөнүн үч облусунун элине тынч жана бейпил жашоого шарт түзөт деп эсептейт. Ал Тажикстан менен да ушундай эле дипломатиялык жолдор менен чек ара маселелерин чечүү керек деп белгиледи.
«Тынчтык болмоюн, бизде өнүгүү болбойт. Кечээ Баткенде (14-17-сентябрдагы кагылышууда) кыйкыргандардын [Өзбекстан менен чек араны тактоону] саясатка айландыргандардын балдары өлгөн жок. Сокур болгон жок. Качан чек арабызды тактап, уттурсак да, утсак да чек араны тосмоюн элибизге тынчтыкты тартуулай албайбыз [...] Мына бүгүн президентибиз өзү, тиешелүү комиссиялардын мүчөлөрү катышып отурат. Тарых алдында жооп берсек дагы бирге жооп беребиз. Ийгилиги да биздики болот. Качып эч жакка бара албайбыз», — деп билдирди депутат.
Андан кийин эл өкүлдөрү бир нече мүнөттүн ичинде Өзбекстан менен чек араны ратификациялоо жана Кемпир-Абадды биргелешип башкаруу жөнүндөгү мыйзам долбоорлорун ратификациялоо үчүн дароо үч окууда добуш беришти.
Эми документтер президенттин кол коюусуна жиберилип, кол коюлган алар мыйзамдуу күчүнө кирет.
УКМКнын төрагасы жана чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациянын төрагасы Камчыбек Ташиевдин айтымында, Өзбекстан менен макулдашуу күчүнө киргенден кийин Кыргыз Республикасынын аймагы 199 миң чарчы метрден 210 миңден ашык чарчы метрге чейин көбөйөт.
Тема боюнча окуңуз:
Мадумаров депутаттарды Кемпир-Абадды берүү маселесин колдоого мажбурлап жатышканын билдирди