Чоң-Алай: Памирден келген этникалык кыргыздарга үй куруу үчүн 10 млн сом бөлүндү

Памирлик кыргыздар. Сүрөт: Элвира Султанмурат кызы

Чоң-Алай районунда Памирден келген этникалык кыргыздарга үй куруу үчүн 10 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, минкаб кабыл алган программага ылайык, жалпы 95 турак-үй куруу пландалган. Бул үчүн Чон-Алай районундагы Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн Бурган-Суу айылынан 60 гектар жер аянты трансформацияланып, айылдын башкы планы даярдалган.

Учурда курулушту баштоо үчүн министрликтен 10 млн сом которулган. Ал эми райондун акими Темирболот Абыкеев Финансы министрлигинен каражаттын бөлүнүшүн тездетип берүүнү өтүнгөн.

Этникалык кыргыздар

Бийлик 2017-жылдын аягында Ооганстандан Нарын облусуна 33 памирлик кыргызды алып келген. Аларга билим берүү, дарылануу убада кылынып, алтургай бир үй-бүлөгө турак-жай берилген.

Арадан жарым жыл өткөн соң жыйырмадай этникалык кыргыз Ооганстанга каникулга кетип, кайра Кыргызстанга кайтып келишкен эмес. Алар кайтып келбегендигин Кыргызстандагы начар жашоо шарты жана жаңы элге сиңишип кете албагандыктары менен түшүндүрүшкөн.

Ал эми кийинчерээк Нарынга дагы бир-нече үй-бүлө өз алдынча көчүп келген.

Кийинчерек 2019-жылдын декабрь айында Алай районунун Сары-Могол айылына Ооганстандан он бир үй-бүлө көчүп келген. Алар эски мектептин имаратына жайгаштырылган.

2020-жылдын октябрында Нарында жана Кара-Балтада жашаган памирлик кыргыздар Алай районунун Талды-Суу айылына көчүп келишкен. Ал жака жалпы 11 үй курулуп, алардын сегизи Нарындан келген 34 кишиге арналган.

Учурдагы памир кыргыздары — 1575-1930-жылдар аралыгында Ооганстанга туруктуу жашоого кеткен кыргыздардын тукуму. Алар катаал, билим алуу менен ден соолукту чыңдоого шарттары жок Чоң жана Кичи памир тоолорунда жашашат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Чоң-Алайга он күн ичинде памирлик 17 үй-бүлө көчүп келет

«Сууктан тажадык». Памирлик кыргыздар Алайда курулган үйлөрдүн ачкычын алышты