Укук коргоочу Азиза Абдирасулованын соту 23-ноябрга жылдырылды. Маалыматты Биринчи май райондук сотунан тастыкташты.
Отурум саат 16:30га белгиленди. Абдирасулова «Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө» беренеси менен айыпталып жатат.
Милиция кызматкерлери укук коргоочуну 15-ноябрда Ак үйдүн алдында күч менен кармашкан. Ага чейин ал жерде Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы митинг өткөн болчу.
Милиция кызматкерлеринин бири 64 жаштагы укук коргоочуну «мас болуп алып сөгүп жатат» деп айыптаган. «Мен формачанмын, сөкпө», — деп кыйкырган милиционер. Ошол эле маалда видеодо укук коргоочу адепсиз сөздөрдү колдонгону тууралуу далил болгон эмес.
Милиция укук коргоочуну түрткүлөп, колунан сүйрөп алып кетүүгө аракет кылып жатканда укук коргоочу жерге отуруп калган. Башында Абдирасулованы медициналык күбөлөндүрүүгө алып кетүүнү каалашкан, бирок ал жакка барбай милиция бөлүмүнө алып келишкен.
Абдирасулова кармалуусун укук коргоочулук ишмердиги жана Кемпир-Абад иши боюнча кармалган активисттер менен саясатчылар тууралуу маалыматтарды чыгарып турганы менен байланыштырган. Ал өзүнө тагылган айыпка макул эместигин, актыгын сотто коргоого даяр экенин айткан.
Андан бир күн мурун Абдирасулова Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмүнүн башчысы Шумкарбек Сулайманов аны аңгемелешүүгө чакырганын айткан. Укук коргоочунун айтымында, милиция кызматкерлери ага «жазгандарын үчүнчү күчтөр пайдаланып кетпеши үчүн» Фейсбукта азыраак жазууну сунушташкан.
«Мага карата басым болду. Ага чейин артыман кайсыл бир кызматкерлер [аңдып] жүрүшкөн. Кармап кетишет деп күткөм, бирок мынчалык акылсыз, негизсиз болот деп ойлобопмун […] Кечээ сигнал болгон, митингден жүз метр алыс турсам дагы баары бир кармап кетишмек», — деп белгилеген ал.