Парламенттик комитет мектепте 12 жылдык окутуу боюнча долбоорду четке какты

Жогорку Кеңеш

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети 5-декабрда мектептерде 12 жылдык билим берүү боюнча долбоорду карап, четке какты.

Жыйында Билим берүү министри Уланбек Мамбетакунов 12 жылдык билим берүү системасы «замандын талабы экенин, аталган долбоордо мектепке чейинки даярдыктын ордуна нөлүнчү класс мыйзамдаштырыларын» түшүндүрдү.

Бирок депутаттардын көбү бул долбоорго каршы добуш беришти.

Өлкөнүн мектептерине 12 жылдык окуу системасын киргизүү демилгеси быйыл апрелде көтөрүлгөн. Анда мурдагы Билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев балдар 1-класска алты жаштан бара баштарын, ал эми 0-класс жоюларын айткан.

Аны менен катар парламенттин 10-майда өткөн жыйынында мурдагы министрдин орун басары Надира Жусупбекова мындай системага «аймактагы мектептер даяр, болгону Бишкекте гана көйгөйлөр бар» деп белгилеген.

Бирок мындай демилге түрдүү пикирлерди жараткан. Соцтүйүндөрдүн айрым колдонуучулары «бардык эле ата-эне балдарын мынчалык эрте мектепке бере албай турганын» белгилешкен. Ал эми башкалар «мектептерде ансыз дагы орундар жок» экенин айтышкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Өлкөдө мектептер 2024-2025-жылдардан тартып 12 жылдык окууга өтүшү мүмкүн

«Дүйнөлүк стандартка ылайык». Кыргызстанда окуучулар мектепке 6 жашынан барып, 12 жыл окуйт