Өкмөт башчынын орун басары Эдил Байсалов Фейсбук барагында кеңири пост жазып, эмне үчүн бюджеттеги 30 млрд сомдон ашык таңкыстыкка кабатырланбай эле койсо болорун түшүндүрүүгө аракет кылды. Буга чейин Финансы министрлигинде 2022-жылдын жыйынтыгы менен бюджеттин тартыштыгы рекорддук 35 млрд сомго чыгат деп күтүлүп жатканы айтылган, бирок кийин бул сумма 30 млрд сомго чейин азайтылган.
Социалдык маселелер боюнча вице-премьер бийликтин тарапташтарын да, каршылаштарын да «“таңкыстыктын” бул кыйла жасалма санына кабатыр болбоого» чакырды.
Журналисттер «рекорддук таңкыстык» тууралуу жазганда «негизи, бюджет, президент Садыр Жапаровдун тушунда үч эсе өскөнүн кошо жазганды унутушат» дейт Байсалов.
Буга чейин «Ала-Тоо 24» мамлекеттик телеканалында жана минкабдын телеграм каналында өлкөнүн бюджети акыркы эки жылда 200%га өскөнү тууралуу айтылган сюжет чыккан. Сюжетте 2020-жылы бюджеттин кирешеси 152 млрд сомду, ал эми 2022-жылы 314 млрд сомду түзгөнү айтылган. Бирок Финансы министрлиги менен Улуттук статистика комитетинин сайтында быйылкы жылдын январь-октябрь айларына карата гана маалыматтар жарыяланган, ал жерде бюджеттин кирешеси болгону 235 млрд сомду түзгөнү көрсөтүлгөн.
Байсаловдун пикиринде, «мамлекеттин көзгө көрүнүп эле турган жетишкендиктерине каршы башка эч нерсе дей албай үйдө отурган скептиктер ушул бюджеттин таңкыстыгына жабышып алып, [бийликке] ошону эле айтып, бетке такап жатышат».
Ал 2022-жылы бюджетке 282,1 млрд сом өлчөмүндө киреше түшөт, ал эми чыгашасы 291,2 млрд сом болот деп болжонгонун эске салды. Таңкыстык 9,1 млрд сом деңгээлинде болот деп күтүлгөн.
Бирок, жыл жыйынтыгы менен Орусияга карата санцияларга жана ЕАЭБдин бажы төлөмдөрүнүн жалпы казынасы азайып кеткендигине байланыштуу бажы кирешелери төмөндөп кеткендиктен бюджетке 8,4 млрд сом түшпөй калган. Мындан улам бюджеттин кирешесинин акыркы көлөмү 273,7 млрд сом көлөмүндө болот деп болжолдонууда.
Дагы 12,8 млрд сом 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон кагылыштан улам Баткенди калыбына келтирүүгө кеткен.
«Бюджеттеги 304-273,7=30,3 млрд сом дефицит ушундан келип чыкты», — деп тастыктайт Байсалов Финансы министрлигинин эсептерин. Бирок андан кийин эмнегедир эмне үчүн чындыгында бюджеттин таңкыстыгы үч эсе аз экенин далилдей баштаган. Алсак, чиновниктин айтымында, таңкыстыктагы 6,7 млрд сом — бул 2021-жылга карата таза калдык. Дагы 12,9 млрд сом — бул мамлекеттик инвестициялар, аларды, бюджеттин эрежелери боюнча, кирешелерге кошконго болбойт, бирок алар нак түрдө бар жана таңкыстык деп эсептелбейт.
«Болгону, мамлекеттик облигацияларды чыгаруунун эсебинен жабылган 10,7 млрд сом суммасындагы бюджеттик каражаттар боюнча айырма (чыгымдар-минус кирешелер) чыныгы таңкыстык болуп саналат [...] — деп жыйынтык чыгарган Байсалов. — Эч кандай кризис жок!».
Байсалов миллиондогон көйгөйлөр бар экенин, бирок аларды чечүү үчүн азырынча бийликте акча жоктугун моюндайт, анткен менен, чиновниктин айтымында, бюджеттик милдеттенмелер мүнөт сайын аткарылып жатат деп ишендирет.
«Бюджеттин корголгон беренелерин секвестирлөө (кыскартуу — ред.) жөнүндө бир да сөз болгон жок! Бюджеттеги таңкыстыктар — кадимки эле нерсе! Мисалы, АКШнын быйылкы жылга карата таңкыстыгын алгыла, ал 1,38 триллион долларды түздү, жалпы чыгымы 4,9 триллионду түзөт, бул бюджеттин дээрлик 30%ы. Коңшуларыбыздын маалыматтарын салыштыргыла. ИДПдан (биздики быйыл 824 млрд сомду түздү) 3,7% таңкыстык — боло абдан эле нормалдуу нерсе! мында биз башкалардан алдыда да, артта да эмеспиз. Болгонун мамлекеттик бюджеттин таңкыстыгы деген эмне, анын үй-бүлөлүк бюджеттин таңкыстыганын айырмасы асман менен жердей экенин түшүнүү керек!» — деп белгиледи ал.
Байсалов учурда учурда бийликке «өлкөнү терең аңдан сууруп чыгууга туура келип жатканын» жана алар «өнүгүүнүн ушул ишенимдүү багытын мындан ары да улантууну көздөшөрүн» билдирди.
«Биз кедейлик синдромунан жана мамлекеттин баягы эле “акчажок” деген саясатынан баш тарттык. Баары болот! Өлкө гүлдөп-өнүгөт. Эл байырак жашай баштайт! Эч кандай кризис, бюджеттик таңкыстык жок! Ишенимдин таңкыстыгы бар, бирок, мурда айтылгандай, биз ага да чыдап, сөз менен эмес, иш менен реалдуу жыйынтыкты көрсөтөбүз (жана көрсөтүп келе жатабыз)», — деп жыйынтыктады сөзүн Байсалов.
Анткен менен, Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстан 2022-жылды тарыхтагы эң чоң бюджеттик тартыштык менен аяктап жатат. Парламент депутаты Дастан Бекешевдин айтымында, 2022-жылдын акыркы айларын минкаб үнөмдөө режиминде өткөрөт.
Финансы министрлигинин божомолунда, өлкөнүн бюджети 2024-жылдан тартып гана профициттүү болот.