![](https://i1.wp.com/ky.kloop.asia/wp-content/uploads/sites/6/2022/12/038275d9-2826-41b1-9f25-e991a39dac53.jpg)
20-декабрда Бишкектеги Панфилов паркында Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын жакындары чогулуп, туугандарын бошотууну талап кылып жатышат.
Алардын айтымында, иш-чара өткөрүлөрүн алдын ала жарыялашкан эмес. Ошондой эле алар чогулушту «акция» же «митинг» деп атаган жок, жөн гана «жолугушуу» экенин айтышты.
Буга чейин укук коргоочулар Кемпир-Абад ишинин 19 фигуранты ачкачылык жарыялаганын билдирген. Бирок Жазаларды аткаруу кызматы «Клоопко» расмий 11 адам ачкачылык жарыялаганын айткан.
Кийинчерээк саясий ачкачылыкка ТИЗО-1деги Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Азимбек Бекназаров да кошулган. Ал эми ачкачылык жарыялоонун бешинчи күнүндө активисттердин бири Перизат Суранованын абалы «өтө оорлоп, өз алдынча баса албай калганы» айтылган.
Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы чыккан жана аны коргоо үчүн комитет түзгөн активист жана саясатчылар 23-октябрда кармалган.
ИИМ аларга «Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүү» беренеси менен айып таккан. Кийинчерээк сот кармалган 20дан ашык адамды ТИЗО-1ге киргизген.