Бир кадр менен: Бишкекте «Келечек» балдардын реабилитациялык борбору ачылды

29-декабрда Бишкекте «Келечек» балдардын реабилитациялык борбору ачылды. Бул туурауу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Балдардын «Келечек» реабилитациялык борбору. Сүрөт / президенттин басма сөз кызматы

Борбордун үч кабаттуу имараты 88 койка орундукка ылайыкталып, балдарды ата-энелери менен кошо кабыл ала алат. Имараттын аякты долбоор боюнча 1 756 чарчы метрди, ал эми курулуш аянты 508 чарчы метрди түзөт. Реабилитациялык борбордун имараты шаардык электр жана ысык, муздак суу, канализация жана жылуулук тармактарына туташтырылган.

«Келечек» борборунун ачылыша президент Садыр Жапаров катышты. Анын айтымында, республика боюнча 200 миңден ашуун майып жаран бар. Алардын ичинде 36 миңге чукулу — сапаттуу билимге, саламаттыгын сактоого, социалдык жактан камсыздоого, эс алууга жана спортко муктаж — балдар.

«Ошондуктан өзгөчө балдарыбыздын ден соолугунун оңолушу жана торолушу үчүн шарттарды түзүүбүз керек», — деди Жапаров.