Кыргызстанда төрөлгөн Дмитрий Бивол 2022-жылдын мыкты мушкери деп табылды

Кыргызстанда туулуп өскөн орусиялык мушкер Дмитрий Бивол Boxing Scene басылмасынын жыйынтыгы менен 2022-жылдын мыкты мушкери деп табылды.

Буга чейин Бүткүл дүйнөлүк бокс ассосиациясы (WBA) Биволду «жылдын мушкери» деп тааныган.

Мушкер 2022-жылдын 8-майында мексикалык Саул «Канело» Альварести жеңип, жарым оор салмакта дүйнө чемпиону наамын коргоп калган.

Ал эми 6-ноябрда Бивол дагы бир мексикалык мушкер Хильберто Рамирес менен беттешип, анда да чемпиондук курун коргоп калган. Беттеш Бириккен Араб Эмиратынын Абу-Даби шаарында болгон.

Турнирдин соңунда мушкер Кыргызстан жана Орусиянын желегинин алдына туруп, күйөрмандарына ыраазычылык билдирген. Бивол башкы максаты дүйнөнүн абсолюттук чемпиону болуу экенин белгилеген.

Дмитрий Бивол 1990-жылдын 18-декабрында Токмок шаарында төрөлгөн. Спортчу алты жашынан тартып бокс менен машыга баштаган. 2002-жылы үй-бүлөсү менен Орусиянын Санкт-Петербург шаарына көчүп кеткен.

Бивол 2007-жылы эл аралык класстагы спорт чебери болгон. Ал бокс боюнча WBA, WBC, IBF жана WBO рейтингдеринде эң жогорку орундарга көрсөтүлгөн. Спортчу профессиналдык боксто 21 жеңишти камсыздаган (анын 11и нокаут менен болгон). Ал бир да күрөштө жеңилген эмес.

Тема боюнча:

Бир кадр менен: Садыр Жапаров бокс боюнча дүйнө чемпиону Дмитрий Бивол менен жолукту

Мушкер Дмитрий Бивол Кыргызстанды мекеним деп атады