![](https://i1.wp.com/ky.kloop.asia/wp-content/uploads/sites/6/2023/01/IMG_3770.png)
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев күтүлүп жаткан катуу суукка байланыштуу мектептерди онлайн окууга өткөрүүнү сунуштады. Эл өкүлү Билим берүү жана илим министрлигине берген сунушун 7-январда твиттер барагына жазды.
«11-январдан тарта катуу суук башталат жана ошол күндөн баштап балдар мектепке бара башташат. Бишкектин коомдук транспорттору албетте буга даяр эмес, а мектептер, бала бакчалар даярбы?» — деп суроо салды ал.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 11-январдан тарта өлкөдө аба ырайы кескин төмөндөп, катуу суук болушу күтүлүп жатканын айтууда.
Коңшу Өзбекстандын билим берүү министрлиги суукка байланыштуу мектеп, лицей жана жогорку окуу жайлардагы кышкы эс алууну 9-январдан 17-январга чейин узарткан.
Ал эми Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигинен кышкы эс алуунун узартылып-узартылбашы 9-январда белгилүү болорун белгилешти. Өлкөдө мектеп окуучулары үчүн кышкы эс алуу 11-январда аяктайт.