ТИМ: Өткөн жылы чет өлкөдөн 350 кыргызстандыктын сөөгү алып келинди

Сүрөт: 24.kg басылмасы

2022-жылы чет өлкөдө каза тапкан 350 кыргызстандыктын сөөгү алып келинди. Бул тууралуу 19-январда «Клоопко» Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, анын 200дөн ашыгы Орусияда каза болгон. «Жүк-200» алып келүү Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен биргеликте консулдуктардын жардамы аркылуу ишке ашырылат.

Министрликтин маалыматы боюнча, 2021-жылы Кыргызстанга 540 адамдын сөөгү «Жүк-200» болуп алып келинген.

Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2022-жылдын биринчи жарымында Орусияга 438,2 миң кыргызстандык кирген. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 53,3 миңге көп экени айтылган.

Өткөн жылдын августунда Орусияда эмгектенип жүргөн 14 кыргызстандык жол кырсыгынан каза тапкан. Жол кырсыгы 21-август күнү Орусиянын Ульяновск облусунун Николаевск районунун Прасковьино жана Новопасское айылдарынын ортосунда, «Урал» чоң жолунда катталган.

Жалпы 16 киши каза болгон, ал эми үч кыргыз жараны ооруканага жаткырылган. Мекендештер казак чек арасына кирди-чыкты кылуу үчүн барып кайтып келе жатышкан. Ошол кезде Орусиядагы эмгек мигранттары акыркы кездерде каттоо талабы күчөгөнү тууралуу айтып келишкен.

Окуяга байланыштуу 23-август Кыргызстандын аймагында аза күтүү күнү деп жарыяланган. Каза болгондордун үй-бүлөсүнө бийлик 300 миң сомдон компенсация берген.

Автору: Гаухар Жалилова

ТЕМА БОЮНЧА:

Алтын Капалова: Кыргыз мигранттарынын өлүмү чиновниктердин абийиринде