АРИС: Орунбековдун Баткендеги соцобъектилер боюнча берген маалыматы туура эмес

Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) президенттин администрациясынын басма сөз кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбековдун агенттик Баткендеги социалдык объектилердин курулуш баасын кымбат көрсөткөн деген билдирүүсүнө жооп берди. АРИС Орунбековдун маалыматын туура эмес деп атады.

«Азыркы учурда тендердик процесс гана жүрүп жатат (сунуштарды баалоо) – бул келишимдерге кол коюла элек, курулуш иштери баштала элек жана тийиштүү түрдө каржылоо жүргүзүлгөн эмес дегенди билдирет», — деп белгилешти агенттиктен.

АРИСтен 2022-жылдын 14-17-сентябрында кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалдан кийин алар Аймактык экономикалык өнүктүрүү (ПРЭР-2) долбоорунун «Күтүлбөгөн өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү (CERC)» 4-компонентин активдештирүүнү өтүнүп Дүйнөлүк банкка кайрылышканын билдиришти. 2022-жылдын ноябрь айында АРИСтин өтүнүчү Дүйнөлүк банкта колдоо тапкан.

Ага чейин минкаб, октябрь айында, Баткен облусундагы чек ара аймактарында жаңжалда жабыркаган соцобъектилердин тизмесин бекиткен. Андан соң ПРЭР-2 долбоорунун Байкоочу кеңеши чыр-чатак учурунда жабыр тарткан социалдык объектилерди калыбына келтирүүгө 10 млн. АКШ долларын кайра бөлүштүрүүнү жактырган.

19-январда президенттин администрацисынын басма сөз кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков АРИС Баткендеги социалдык объектилерди куруунун баасын 123 млн сомго кымбат көрсөткөн деп билдирген. Орунбеков бийлик АРИСтин долбоорунан баш тартып, Баткенде соцобъекттерди өз каражатына курууну чечкенин кошумчалаган.

Орунбековдун билдирүүсү парламентте талкууну жараткан. Парламенттин 25-январдагы жыйынында депутат Алишер Козуев АРИСтин жетекчилерин парламентке чакырып, алардын иши тууралуу маалымат алууну сунуштаган. Ошондой эле депутат укук коргоо органдары АРИСтин ишин текшериши керек дагы билдирген.