Бир кадр менен: Даниэль Лозакович белгилүү BLACKPINK K-pop тобу менен бир сахнада

Дүйнөгө белгилүү кыргыз тектүү швециялык скрипач Даниэль Лозакович Францияда өткөн Le Gala des Pièces Jaunes кайрымдуулук концертинде Кореянын BLACKPINK К-pop тобу менен бирге сахнага чыкты.

Лозакович Никколо Паганининин La Campanella чыгармасынан үзүндүнү ойноду, андан кийин BLACKPINK’тин коштоп ойноп берди. Алар Shut Down трегин аткарышып, анда La Campanella’нын семплдери колдонулду.

Кайрымдуулук концерт 25-январда өтүп, 28-январда France 2 каналында көрсөтүлдү. Концертти Франциянын биринчи айымы Брижит Макрон уюштурган. Билеттен түшкөн каражат French Hospital Foundation кайрымдуулук фондуна берилген.

Лозакович концерттен сырткары Франциянын президенти Эммануэл Макрон жана жубайы Брижит Макрон менен да жолукту.

Даниэль Лозакович — 21 жаштагы дүйнөгө таанымал швециялык скрипкач. Скрипачтын апасынын теги кыргызстандык. 2022-жылдын июнь айында Лозакович Кыргызстанда дагы концерт берген. Анда аны менен президент Садыр Жапаров жолугуп, Лозаковичтин чыгармачылыгы өлкөдө музыка маданиятын өнүктүрүүгө өбөлгө болот деген үмүтүн айткан.

BLACKPINK — Түштүк Кореянын кыздардан турган дүйнөгө белгилүү К-рор тобу. 2023-жылга карата алардын альбомдору дүйнөлүк музыкалык чарттарда жогорку позицияларды ээлеп, клиптери миллиардап көрүүлөрдү топтоп жаткан эң эле белгилүү топ.