Блогер Мирланбек Маратбек уулу ИИМге күбө катары суракка чакырылды. Бул тууралуу ал өзүнүн фейсбук барагында билдирди.
«Эмненин негизинде иш козгодуңар болду экен, ГСУга чакырып калыпсыңар», — деп жазган Маратбек уулу.
![](https://i1.wp.com/ky.kloop.asia/wp-content/uploads/sites/6/2023/02/mirlan.jpg)
ИИМден «Клоопко» Мирланбек Маратбек уулунун суракка чакырылганын тастыкташып, бирок кайсыл иштин негизинде экенин айтышкан жок.
Февраль айынан бери Маратбек уулунан тышкары эки журналист жана 24.kg басылмасынын башкы директору суракка чакырылган.
6-февралда 24.kg басылмасынын башкы директору Асел Оторбаева УКМКга күбө катары сурак берген. Оторбаева аны «басылманын сайтындагы материалга байланыштуу чакырышканын, бирок кайсы материал экени тергөөчүнүн эсинде жоктугун» жазган.
Ал эми 5-февралда иликтөөчү журналист, блогер Ыдырыс Исаков төрт жыл мурда айткан эски кайрылуусу үчүн суракка чакырылган. Анын эртеси күнү да Исаков бул боюнча Ош ШИИБге чакырылган.
1-февралда болсо журналист Нуртилек Туратбек уулу суракка чакырылган. Ал суракты Кыргызстанга алып келинген уурдалган унаалар тууралуу журналисттик иликтөөсү менен байланыштырган.
ТЕМА БОЮНЧА:
24.kg басылмасынын башкы директору УКМКга суракка чакырылды
Ош шаардык милициясы Ыдырыс Исаков күбө катары чакыртылганын билдирди