Ош: Спортчулардан турган кылмыштуу топ акча опузалоого шектелип кармалды

Кармалган шектүүлөр. Сүрөт: УКМК.

Ош шаарында спортчулардан турган кылмыштуу топ акча опузалоого шектелип кармалды. Бул тууралуу 11-февралда «Клоопко» УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Нага Грэпплинг» федерациясынын президенти жана эки спортчу Ош шаарынын тургунун жолугушууга чакырган. Шектүүлөр ага физикалык күч колдонуп, кекиртегине бычак такап, башына баштык кийгизип, белгисиз жакка алып кетишкен.

«Андан соң темир балка менен сабап, башына тапанча такап коркутуп, акча талап кылышкан. Ошондой эле алар жабырлануучуга 10 күн ичинде 600 миң сом таап келүү шартын коюшкан», — деп белгилешти атайын кызматтан.

УКМКнын кызматкерлери шектүү катары үч кишини кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизишти. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Атайын кызматтын өкүлдөрү тургундарга кайрылып, уюшкан кылмыштуу топтор мыйзам бузган бардык учурлар тууралуу маалымат берүүгө чакырды.

ТЕМА БОЮНЧА:

Өзгөн: «Женгонун» уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү адам уурдоого шектелип кармалды

УКМК опузалап акча талап кылууга шектеп Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсүн кармады