Эми бир нече облуста ВИЧке өз алдынча барып оңой эле текшерилсе болот

Кыргызстанда ВИЧке өз алдынча барып тесттен өтүүгө мүмкүнчүлүк берген долбоор иштеп баштады. Бул тууралуу АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттигинен (USAID) билдиришти.

Тесттерди Бишкек, Ош шаарларында, Чүй жана Ош облустарында жайгашкан «Неман» дарыканасынын 32 түйүнүнөн алса болот. Каалоочулар дарыканага барып тест алып кетүүдөн мурда www.epictest.live сайтында анонимдүү өтүнмө калтырышы керек.

Аталган сайтта өтүнмө калтырып, тестти жеткирип берүү керек жерди тандап же дарканага барып алып кетсе болот. Тест өзү бекер жана анонимдүүлү кепилдиги менен берилет.

Тестирлөө үчүн топтомдо шилекей аркылуу ВИЧ тести, окуу материалдары, ВИЧтин алдын алуу каражаттары жана андан аркы кызматтар үчүн кайсыл уюмдарга барса болору жөнүндө маалымат бар.

ВИЧке өз алдынча кантип туура текшерилсе болору жөнүндө видео нускаманы бул шилтеме аркылуу кирип көрсө болот.

Республикалык «СПИД» борбору «Клоопко» эгер тест оң натыйжалуу чыкса, жаран үй-бүлөлүк даарыгерлер борборлоруна ​​же аларга кайрылып кан тапшыруусу керектигин айтышты.

Долбоор Республикалык «СПИД» борбору, USAID жана «Неман» дарыканалар тармагы биргеликте ишке ашырып жаткан демилге экени белгиленет.

Республикалык «СПИД» борборунун 2023-жылдын 1-январына карата маалыматы боюнча, өлкөдө ВИЧтин 12 231 кумулятивдик учуру катталган.