Депутат Талиева президенттин жакындарын алтын сатууга айыптагандарды жазалоону талап кылды

Депутат Камила Талиева парламенттин 17-марттагы жыйынында «Садыр Жапаровдун үй-бүлөсүн 19 тонна алтынды Түркияга сатууга айыптагандарды жазалоо керек» деп билдирди. Ал Жапаров жана анын туугандары бул айыптоолордон улам «стресс болушту» дейт.

«Президенттин бир тууганы Түркияга алтын сатты деп сүрөттөрү менен чыкты, туурабы? Жалган болуп чыктыбы ошол?» — деп сурады ал 19 тонна алтындын сатылышы боюнча комиссиянын жетекчиси Арсланбек Малиевден.

«Ооба, жалган», — деп жооп берди Малиев.

Андан соң Талиева өкмөт башчынын орун басары Бакыт Төрөбаевге кайрылып, алтындын сатылганы тууралуу «жалган маалымат тараткандардын жазага тартылышын көзөмөлгө алууну» суранды.

«Бул кылмышка тете, кылмыш бул! [Жапаров жана анын үй бүлөсүн] жөндөн-жөн күнөөлөп, ушундай маалыматты тараткандар жазаланышы керек. Экинчи жолу жоопкерчиликтүү мамиле кылат да. Президенттин үй-бүлөсү, бир тууганынын үй-бүлөсү эмне деген стресске кабылды?!» — деди ал.

Президенттин агасынын алтын кармап түшкөн сүрөтү

Cабыр Жапаров алтын менен.

2022-жылдын сентябрында соцтүйүндөрдө президент Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаровдун алтын кармап түшкөн сүрөтү тараган. Сүрөт соцтүйүндөрдө кызуу талкуу жараткан — колдонуучулар жашыруун кылынган 19 тонна кыргыз алтынын «президенттин туугандары сатып жиберишсе керек» деп болжошкон.

Кийинчерээк Жапаров агасын «кызматташуу мүмкүнчүлүгүн талкуулоо үчүн Түркиядагы цехтердин бирине барды» деп ишендирген. Анын айтымында, инвесторлор президенттин туугандарына байланышканы «кадимки практика».

Президент ошондой эле Түркияга дагы, башка жеке уюмга дагы «бир грамм алтын» сатылбаганын кошумчалаган. Ал Түркиянын баасы өтө эле төмөн болгонун айткан.

Алтындын айланасындагы ызы-чуу

Президенттин агасы алтын кармап түшкөн сүрөт баасы 1 млрд долларга бааланган 19 тонна алтындын сатылганы тууралуу маалыматтын жашырылышы боюнча ызы-чуунун шартында тараган. Улуттук банктын отчётуна ылайык, баасы 1,1 млрд доллар 19,2 тонна алтын «белгисиз өлкөгө» экспорттолгон. Президент Садыр Жапаров маалыматтын жашыруун экенин «коопсуздук максатында» деп түшүндүргөн.

Анткен менен журналисттер алтын Швейцарияга сатылганын аныкташкан.

Парламенттеги бир катар депутаттар алтындын сатылышын жана өлкөнүн башкы алтын өндүрүүчү ишканасы «Кумтөрдүн» ишин текшерүү үчүн атайын комиссия түзүүнү талап кылышкан. Комиссия түзүлүп, депутаттар кенге барып, алтын өндүрүлгөн фабрикада болуп кайтышкан.

Садыр Жапаров депутаттык комиссия тууралуу комментарий берип жатып, «Кыргызстандын тарыхында чогулбаган көлөмдөгү алтын бүгүнкү күндө чогулуп, Улуттук банкта сакталып турат» деп билдирген.

28-февралда Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева банкта 46,7 тонна алтын бар экенин айткан.

Тема боюнча окуңуз:

Бийлик Швейцария Кыргызстандан 1,1 млрд долларга алтын сатып алганын жашырып койгон

Factcheck: Кыргыз бийлиги Швейцарияга кайрадан жашыруун алтын сатты