Байсаловдун айдоочусу унаага жасалма номер такканы жана тротурада айдаганы үчүн айыпка жыгылды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун айдоочусу унаага жасалма номер тагып жүргөнү жана тротуарда унаа айдаганы үчүн 18 миң сом айыпка жыгылды. Бул тууралуу 17-мартта кайгуул милициясына таянып Kaktus.media басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, айдоочуга жасалма номер менен жүргөнү үчүн 15 миң сом, ал эми спорт ордосу жактагы жөө адамдар жүргөн тротуардан унаа айдап өткөнү үчүн 3 миң сом айып салынды.

ИИМдин кайгуул кызматы Ford Mondeo үлгүсүндөгү унаага башка эле унаанын номери тагылганын аныкташкан.

Март айынын башында соцтүйүндө Байсаловго таандык делген унаа Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайынын алдындагы тротурадан өтүп баратканы тартылган видео тараган. Күбөлөрдүн айтымында, унаада Байсалов өзү да болгон.