Кыргызстандагы бир нече райондун жана айылдын аты өзгөртүлөт. Буга боюджеттен 8 млн сом жумшалат

Кыргызстандагы бир катар райондун жана айылдын аталышы өзгөртүлөт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Жогорку Кеңеш аталган мыйзамды 22-февралда кабыл алган.

Ошентип:

— Нарын облусунун Кочкор районундагы Кош-Дөбө айыл аймагы эми Ормон-Хан айыл аймагы деп аталат. Ормон хан Ниязбек уулу 19-кылымдын орто чениндеги кыргыздын саясий ишмери болгон;

— Ош облусунун Ноокат районундагы Бел айыл аймагынын Борбаш айылы эми Кайрагач айылы деп аталат;

— Талас облусунун Кара-Буура району кыргыз адабиятынын классик жазуусу Чыңгыз Айтматовдун аты менен атала турган болду;

— Талас облусунун Кара-Буура районунун Чымгент айылы Советтер союзунун баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин атынан аталат.

Бул мыйзам долбоорун Министрлер кабинети демилгелеген. Өкмөттөн айыл-райондордун аталыштарын өзгөртүү «Кыргызстандын түптөлүшүнө жана өнүгүүсүнө салым кошкон көрүнүктүү тарыхый инсандардын элесин түбөлүккө калтыруу» максатында жүргүзүлүп жатканын жана ал «улуттук идеологияны чыңдоого жана патриоттук духта тарбиялоону жакшыртууга» багытталганын белгилешкен.

ЖМКнын маалыматына ылайык, буга 8 млн сомдон ашык каражат керектелет. Каржылоо жергиликтүү бюджет жана аталыштарды алмаштырууну демилгелеген орган, бишкача айтканда, минкабдан бөлүнөт.

Бийлик буга чейин дагы өлкөнүн калктуу конуштарынын аталышын өзгөртүүнү бир нече ирет демилгелеген. 2023-жылдын башында үч айылдык округ жана Баткен облусунун он айылынын аталышы өзгөртүлгөн.