Милдеттүү медициналык камсыздоо полисин мобилдик тиркеме аркылуу алса болот

Мындан ары милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин мобилдик тиркемени колдонуу менен да сатып алса болот. Бул тууралуу 27-апрелде саламаттык сактоо минитсрлигинен билдиришти.

Белгилүү болгондой, буга чейин ММК полисин үй-бүлөлүк медицина борборлорунан жана фонддун бөлүмдөрүн алууга мүмкүн болчу. Эми Mbank колдонмосу аркылуу сатып алса болот.

Министрликтен медициналык камсыздандыруунун баасы 2023-жылы кыргызстандыктар үчүн жылына 1700 сомдон бир аз көбүрөөк болот деп белгилешти. Ал эми чет өлкөлүктөр үчүн бир жылдык медициналык камсыздандыруунун баасы 16 миң сомдон ашат.

«Камсыздандыруу негизги делген 11 медициналык кызматты акысыз алууга мүмкүндүк түзөт. Изилдөөлөр, кошумча лабораториялык диагностикалык текшерилүү 100% арзандатылат. Күндүзгү стационарда жана физиотерапияда медициналык инъекциялар 50%га арзан болот» — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Президент Садыр Жапаров жарандардын жеңилдетилген медициналык кызматтарга кепилденген жеткиликтүүлүгүн камсыз кылган медициналык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамга үстүбүздөгү жылдын 29-мартында кол койгон.

Медициналык камсыздоо — бул Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун адамдарга көрсөткөн кызматы. Камсыздандыруу полисин алуу медициналык кызматтарды мамлекеттик программага ылайык жеңилдетилген шартта алууга мүмкүндүк берет.

Автору: Бурулсун Жумалиева

ТЕМА БОЮНЧА:

Жашы 16дан жогоруларды милдеттүү медициналык камсыздандыруу. Мыйзам долбоору үчүнчү окуудан өттү

Өскөмбаева: Медициналык камсыздандыруудан өтпөгөндөргө айып пул салынбайт