Аманбек Ажыматтын «Жоокер» тасмасы Жапониядагы фестивалда «Алтын сыйлык» алды

Кыргыз режиссёру Аманбек Ажыматтын «Жоокер» тасмасы Жапонияда өткөн Meihodo бешинчи жаштар кинофестивалында «Баяндоочу фильмдер» категориясында «Алтын сыйлыкка» ээ болду. Бул тууралуу Кинематографты өнүктүрүү фондунун сайтында айтылат.

«Жоокер» тасмасынын афишасы.

«Согуш талаасында жоокерге ок тийип, эс-учун жоготот. Ал өзүнө келгенде башка дүйнөдө ойгонгонун билет. Ал таш доорунун, кылыч көтөргөн орто кылымдын жоокерин, Биринчи жана Экинчи дүйнөлүк согуштун эки аскерин жолуктурат. Ар башка доордун жоокерлери өз ара кимисинин согушу ыйыктыгын талашып-тартышышат», — деп айтылат фильмдин баяндоосунда.

Фонддон Meihodo — бул бүткүл дүйнө боюнча салттык гуманисттик маданиятты сактоо боюнча иш-аракеттерди илгерилетүүнүн үстүндө иш алып барган жапониялык корпорация тарабынан уюштурулган көз карандысыз кинофестиваль экенин белгилешти.

«Биз ошондой эле дүйнө жүзүндөгү кинопродюсерлердин ортосунда маданий дискуссия үчүн платформа түзүп, жаш чет элдик авторлорду колдоого умтулабыз», — деп билдиришти фонддон.

Фестиваль тажрыйба алмашуу, баяндоонун чегин өстүрүү жана санарип искусствону жаратуу долбоорлорунда биргеликте иштешүү үчүн кино тармагынын мыктыларын, жаратмандарын жана чыгармачыл адамдарды чогултту.