«ПолитКлиника» басылмасынын башкы редактору Дилбар Алимова УКМКга суракка чакырылганын билдирди. Бул тууралуу ал 6-майда фейсбук барагына жазды.
Алимованын айтымында, атайын кызмат бул боюнча ага расмий кат жөнөткөн эмес, телефон аркылуу чакырышкан.
«“УКМКнын Бекжан деген кызматкеримин” деп бирөө чалды. “Келип кетиңиз, бир-эки сурообузга жооп беришиңиз керек болуп жатат” деп. Мен “расмий түрдө чакырбасаңар барбайм. Тоодо эс алыпжүрөм, 10-майда шаарга барам” десем, “жок, азыр келишиңиз керек. Болбосо барып алып кетебиз, Кой-Ташта жүрөт экенсиз” дейт», — деди ал.
![](https://i1.wp.com/ky.kloop.asia/wp-content/uploads/sites/6/2023/05/295791-450x286-1-300x191.jpeg)
Андан соң Алимова мурдагы билдирүүсүн «жашырып турганын» белгилеп, аны суракка Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин бозгун президент «Курманбек Бакиевди реабилитациялоону суранды» делген кайрылуусу боюнча чакырышканын билдирди. Бул боюнча 5-майда «ПолитКлиника» басылмасы материал жарыялаган.
Ал эми Шакиевдин басма сөз катчысы Алтынбек Деркембаев «Клоопко» мындай кайрылуу болбогонун айтып, «айрым топтор чагымчылдык кылып жатат» деп билдирген.