The Insider: Орусиялыктарга паспорт «тараткандыктан» кыргыз жарандарына шенген визасы азыраак бериле баштады

Кыргызстандын жарандарына шенген визасы көп учурда берилбей жатат. Бул тууралуу The Insider басылмасы жазды.

Басылма Кыргызстандын ТИМине таянып, акыркы 10 айда виза алуу үчүн кайрылгандардын 15%дан ашыгына, анын ичинде журналисттер жана активисттерге берилбегенин белгилейт.

Шенген визасынын берилбей жатканынын бирден-бир себеби, басылманын маалыматына ылайык, «кыргыз паспортунун шектүү репутациядагы орусиялыктарга таратылганы» болуп эсептелет.

«Хроники» басылмасынын маалыматына ылайык, 2021-жылдан 2023-жылдын майына чейин Орусиянын 352 жараны жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте Кыргызстандын жарандыгын алышкан. Кыргызстандын жарандыгын алгандардын бири — Мамлекеттик Думанын «Единная России» фракциясынын депутаты Юрий Петровдун жубайы Ирина жана уулу Василий.

Юрий Петров буга чейин Мамлекеттик мүлк боюнча агенттикти жетектеп, «Роснефть» мамлекеттик компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү болгон. Петров The Insider жазгандай, Евробиримдиктин, АКШнын жана башка өлкөлөрдүн санкциялык тизмесинде жана Украинада өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө кол салган деген айып менен сыртынан соттолгон.

Transparency International уюмунун Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн директору Илья Шумановдун айтымында, «орус элитасы Кыргызстанды дүйнөгө чыгуунун мыйзамдуу жолу катары колдонууда». Санкцияга кабылгандар үчүн экинчи паспорт дүйнө жүзү боюнча саякаттоо, бизнес жүргүзүү боюнча чектөөлөрдү натыйжалуу алып саларын жана баарынынж ашоосун жеңилдетерин айтат.

Ал эми минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстандын жарандыгы мыйзам чегинде берилип жатканын белгилейт.

«Кыргызстандын жарандыгын алууда өлкөнүн мыйзамдары бузулбагандыктан, санкциялар бизге таасир эте албайт. Ал эми биз арыз бергендердин санкциялык тизмеде бар же жок экенин текшербейбиз. Кыргызстан Орусия менен Украинанын ортосундагы согушта бейтараптуулукту карманат. Биз санкцияларга кошулган жокпуз. Ошондуктан бул суроолордун бизге тиешеси жок. Биз тигил же бул жаранды экстрадициялоо келишими бар мамлекетке гана өткөрүп бере алабыз», — деди ал The Insider басылмасына.

Орусиялыктар кыргыз жарандыгын жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте Орусия, Беларус, Казакстан жана Кыргызстандын ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде ала алышат.

Орус армиясы Украинага 2022-жылдын февралында кол салган, Орусия баштаган согуш азыр да уланып жатат.

Батыш өлкөлөрү аскердик кол салууну сынга алып, Орусияга карата көп сандагы санкцияларды салган. Мындан тышкары, батыш өлкөлөрү Орусияга көмөктөшкөн өлкөлөргө карата санкция киргизилерин бир нече жолу эскерткен.

БУУнун 2023-жылдын 2-майга карата маалыматына ылайык, Орусия Украинага кол салгандан бери 8 709 жай тургун каза таап, дагы 14 миңден ашыгы жабыркаган. Бирок уюмдагылар курман болгондордун саны алда канча көп болушу мүмкүн дешүүдө. Бул тууралуу украин бийлиги да айтып келет.