![](https://i1.wp.com/ky.kloop.asia/wp-content/uploads/sites/6/2023/05/99602db3-5601-4bb0-9590-2b7667f6e8a0.jpg)
Баткен облусундагы Төрт-Гүл суу сактагычында кайыкта сейилдеп жүргөн эки өспүрүмдүн биринин сөөгү табылды. Ал эми экинчи баланы издөө иштери уланууда. Бул тууралуу 15-майда ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык үстүбүздөгү жылы 14-майда катталган. ӨКМдин 10 кызматкери тарабынан саат 20:50дөн түнкү саат 00:00гө чейин издөө иштери жүргүзүлгөн.
15-май күнү саат саат 08:35те 14 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү табылды. Ал эми 17 жаштагы экинчи өспүрүмдү издөө иштери уланууда.