Блогер Ырыс Жекшеналиевдин иши кошумча тергөөгө жөнөтүлдү

Блогер Ырыс Жекшеналиевдин кылмыш иши боюнча соттук териштирүүлөр кайра башталды. Бул маалыматты «Клоопко» Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди. 

19-жаштагы блогердин иши боюнча соттук отурум 15-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда өттү. 

Адвокат Нурбек Сыдыков судья кеңешүүчү бөлмөдөн келгенден кийин соттук териштирүү кайра жандандылганын айтканын билдирди. Судья чечимди экспертизаны кайра текшерүү керектиги менен негиздеген, бирок кайсыл экспертизалар экенин тактаган эмес. 

«Негизи бүгүн Ырыс Жекшеналиевге карата соттук процесс аякташы керек эле. Баардык тараптар жарыш сөзгө чыгышты. Ырыс Жекшеналиев акыркы сөзүн сүйлөдү. Судья өкүм чыгарбай туруп иштин өндүрүшүн жандантты, экспертиза боюнча суроолор бар экенин айтты. Ошондуктан бул иш боюнча кайрадан экспертизалар дайындалышы мүмкүн», — деп белгиледи жактоочу тарап. 

Соттун кийинки отуруму 24-майга жылдырылды.

20-жаштагы блогер Ырыс Жекшеналиев 2022-жылдын 14-августунда УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаевдин Facebook баракчасындагы эски видеосун «Полит Узник» барагынла жарыялаганы үчүн ИИМге суракка чакырылып, кармалган. Аталган видеодо Сегизбаев Нарын облусундагы Жетим-Тоо кенин иштетпей, урпактарга калтыруу керектигин айткан.

Жекшеналиевге карата «Массалык башаламандыктар» («Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар») беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Бул иш боюнча мамлекеттик айыптоо аны алты жылга эркинен ажыратууну сураган. 

Жогорку Кеңештин депутаттары жана укук коргоочулар сотту активистти бошотууга, ал эми ИИМди ага карата кылмыш ишин толук токтотууга чакырышкан.