Кыргызстандык Кадыр Сайдилкан Эверестти багынтканын өлкө аялдарына арнады

Кыргызстандык Кадыр Сайдилкан Эверестти багынтты — жердин эң бийик чокусу. Бул тууралуу Сайдилкан Инстаграм барагында билдирип, чокудагы сүрөт жана видеолорун жарыялады.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Kadyr Saydilkan (@skadyr)

Эверестке Сайдилкан Кыргызстандын туусун, ак калпагын жана «Манас» эпосун алып чыкты. Ал Эверестти багынтканын энесине, кыздарына жана өлкөнүн аялдарына арнаганын жазды.

«Кыргыз айымы эч кор болбосун, зордолбосун, уурдалбасын, сый урмат, сүйүү, бакытка бөлөнүп жашасын деп чокудан тилек кылдым», — деп жазды ал.

Сайдилкан чокуда аба ырайы абдан катаал болгондуктан дагы көптөгөн сөздөрдү айта албай калганын кошумчалады.

Кадыр Сайдилкан Эверест чокусун багынткан үчүнчү кыргызстандык. Биринчи жолу аны 20 жыл мурда Дмитрий Греков, андан кийин 2021-жылы Эдуард Кубатов багынткан.

Тема боюнча:

Бир кадр менен: Эдуард Кубатов кыргыз туусун Хан-Теңири чокусуна алып чыкты