Чет өлкөгө учардын алдында штрафтарды төлөп кетүүгө боло турган система иштелип чыкты

Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин башчысы Медербек Сатыев 25-майда Жогорку Кеңештин жыйынында жарандарга чет өлкөгө учардын алдында өлкөдөн чыгууга тыюу салынып калбаш үчүн карыздарды төлөп кетүүгө мүмкүндүк берген система иштелип чыкканын билдирди.

Жыйында депутат Эмил Жамгырчиев адамдар чет өлкөгө чыгуу үчүн кымбат, миң долларга билет алышарын, бирок аэропорттон миң сомдук карызы үчүн чыгарбай коюп жатышканын айтты.

«Кеткен чыгымды ким төлөйт? Ошол жагын карабай жатасыңар да. Ошол боюнча мындай кат жөнөтүпсүздөр, 24 сааттын ичинде сот өкүлү карайт деп, учак деген 24 саат күтпөйт да жарандарыбызды, барып төлөп кел анан чогуу учабыз деп. Анын бул жерде бир жакшы пункт жазып коюпсуздар, бир аз кубандыра турган, автоматташтырганга келе жатабыз деп. Андан көрө биринчи ошол автоматташтырып, бул жерге мыйзам долбоорун алып келип, жарандардын көйгөйүн чечип коюп, андан кийин анан алдыгы келе жаткан мыйзамды алып келбейсиздарби?» — деп суроо салды депутат. 

Сатыев алар автоматташтырылган системаны иштеп чыгышканын айтып жооп берди. Анын айтымында, система жаран карызды аэропортто терминал аркылуу төлөй алгыдай кылып иштейт.

«Азыркы учурда программа түзүлүп бүттү. 1000 сом болобу, 500 сом болобу же 2000 сом болобу аэропорттон терминал аркылуу эле төлөп, 10 мүнөттөн 20 мүнөткө чейинки аралыкта маселе чечилет. Ал кандай? Бул аткаруу өндүрүшүндөгү чектөө сот аткаруучунун токтому менен салынат, анын чечилиши дагы сот аткаруучунун токтому менен [болот]. Ошол азыр автоматтык түрдө чечиле турган болуп атат. Биз ал программаны иштеп чыктык, азыр даяр», — деди ал.

Департамент башчысы системага булуттук электрондук кол тамганы туташтуруу керек болуп турганын кошумчалады. Тийиштүү мыйзам долбоорун Сатыев парламентке 10 күндүн ичинде алып келүүнү убада кылды. 

Парламент депутаттары штраф же карыздан улам жарандар өлкөдөн чыга албай каларына байланышкан маселени көтөрүшкөн. Анда, эл өкүлү Дастан Бекешев жаранды 500 сомдук карызынын айынан өлкөдөн чыгарбай коюшу мүмкүн деп нааразы болгон.

Март айынын башында бул маселеге минкаб дагы көңүл бурган. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов аткаруу жана сот бийлик бутактарынын ортосунда макулдашылгандыктын жоктугунун айынан миңдеген жаранда көйгөй жаралып атканын жазган. Ал 50 миң же 100 миң сом деп чек коюуну сунуштаган.