Садыр Жапаров малга салык киргизген мыйзам долбооруна каршы чыкты

Президент Садыр Жапаров малга салык киргизүү демилгесин колдобойт. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.

Ал парламент депутаттарынын мал-жандыкка салыктын жаңы түрүн киргизүү жөнүндө демилгеси коомчулукта сын-пикирге кабылып жатканын белгиледи.

Анын айтымында, айрымдар бул демилгени мамлекеттик бийликтин позициясы катары кабыл алган. Орунбеков президент фермерлерге жана дыйкандарга жеңилдик шарттар түзүлүшү керек деп эсептерин белгиледи. Ал Жапаров былтыр апрель айында өз жарлыгы менен айыл чарба жерлерин үч жылга салыктан бошотконун эске салды.

22-майда парламенттин сайтында мал-жандыкка салык төлөө жөнүндө мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылган. Аны депутат Жеңишбек Токторбаев демилгелеген.

Мыйзам долбооруна ылайык, салыктын жаңы түрүн жеке менчигинде 40 баш кой-эчкиден, 3 баш уйдан, 2 баш жылкыдан көп малы барлар төлөйт. Салыктын өзү кой-эчкилерге – 100 сом, бодо малга – 250 сом, жылкыларга – 250 сомду түзөт.

Токторбаев түшкөн каражатты айыл өкмөттүн бюджетине багыттап, аларды жергиликтүү маселелерди чечүүгө, айрыкча жайыттарды жана жайын инфраструктураларын жакшыртууга, ветеринардык врачтарды камсыздоого, мал-жандыкты өз обуганда эмдөөгө жана башка ушул сыяктуу иш-чараларга жумшоону сунуштаган.