Ноокатта үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун кызматтык унаасы өрттөнүп, айдоочу жабыркады

Ош облусунун Ноокат районунда үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун кызматтык унаасы өрттөнүп, айдоочу жеңил жаракат алды. Жеринен тартылган видео соцтармактарга жарыяланды.

«Турмуш» басылмасы окуя 30-майда болгонун жазды. Ноокат аймактык оорукананын башчысынын милдетин аткаруучу Марип Ташиев басылмага өрттөнгөн унаа санитардык багыттагы кызматтарда «кээде гана колдонулганын» айтты.

«Ал унаа менен дары-дармек, шейшептерди ташып турушкан. Тез жардам кызматын көрсөтпөйт. Айдоочу бир аз эле, күнгө күйгөндөй күйүк алган. Учурда абалы жакшы», — деп билдирди Ташиев.

Окуянын күбөлөрү айдоочу өрттү өз алдынча өчүрүүгө аракет жасап, жыйынтыгында күйгөн оттон колу жана бети жабыркаганын билдиришти.