Жапаровдун уулу Эрдогандын инаугурациясына түрк тараптын чакыруусу менен барганы айтылды

Президент Садыр Жапаровдун уулу Рустам Жапаров Режеп Тайип Эрдогандын инаугурациясына түрк тараптын чакыруусу менен барды. Бул тууралуу 4-майда «Клоопко» президенттик администрациядан билдиришти.

«Ал инаугурация аземине мейман катары, түрк тараптын чакыруусунда делегация менен бирге барды», — дешти администрациядан.

Буга чейин соцтүйүндө түрк лидеринин инаугурациясында президенттин уулу Рустам Жапаровдун да жүргөнү талкуу жараткан. Айрым колдонуучулар анын эмнеге жана кайсы каражатка барганына кызыккан.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от BespredelKG (@bespredelkg30)

Эрдогандын инаугурациясы 3-июнда болду. Ага президент Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова катышты.

Салтанатка жалпы 21 өлкөнүн президенти жана 13 өлкөнүн премьер-министри конок катары чакырылган.

28-майдагы өткөн президенттик шайлоодо Эрдоган добуштардын 52,14%ын алып алдыга чыккан. 3-июнда Эрдоган жана парламенттин жаңы курамынын депутаттары ант берип, кызматка киришти.

Эрдоган өлкөнү 21 жылдан бери башкарып келе жаткан «Адилет жана өнүгүү партиясын» (АК Parti) жетектеп келет. Ал 2014-жылы Түркиянын он экинчи өлкө башчысы болуп шайланган.