Лукашенко: Кыргызстанда өлкө «буттан тура баштаганда» кайсыл бир күчтөр абалды курчутуп жатат

Беларустун президенти Александр Лукашенко Кыргызстанда «бийликти күч менен басып алуу үчүн массалык башаламандык уюштурууну» пландаган делген шектүүлөрдүн кармалышына байланыштуу окуяга комментарий берди

«Жакында эле, менин билишимче, Кыргызстанда [абалды курчутуу] аракети болду. Азамат, жигиттер жакшы иштей коюшту! Түйүлдүктөн токтотуп калышты! Бул балээге жайылып кетүүгө жол беришпеди. Демек, тарыхтан тыянак чыгарышкан. Азаматтар! Сыйымды билдирем. Көрдүнөрбү, улам-улам курчутканга аракет кылып жатышат. Эми жайына койгула да Кыргызстанды! Алар эмиден буттан туруп, өлкө өнүгө баштады. Ал кимге көйгөй жаратып жатат? Эч кимге. Бирок ага карабастан абалды курчутуп жатышат», — деди Лукашенко 8-июнда Минскте ЖККУ өлкөлөрүнүн Коопсуздук кеңештеринин катчылары менен жолугушууда. 

Ал Кыргызстанда абалды республика аркылуу «кайрадан Казакстанга жетиш» үчүн «курчутуп» жатышат деп болгоолоду.

5-июнда кыргыз ЖМКсында УКМК мамлекеттик төңкөрүш уюштурууну пландаган шектүүлөрдү кармоо боюнча атайын операция жүргүзүп жатканы тууралуу маалымат чыккан. Интернетте бир нече адам кармалып жатканы тартылган видео тараган. 

Андан кийин Кыргызстанда кармоолор болуп жатканы тууралуу маалыматка Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков комментарий берген. Ал «Кыргызстандагы мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракеттери боюнча келип жаткан маалыматтарга орус бийлиги кылдат көз салып жатканын» белгилеген.  

Ал эми УКМК «бийликти күч менен басып алуу максатында массалык башаламандык жана баш ийбөөчүлүк акцияларды уюштурууну көздөгөн» шектүүлөрдүн тобу кармалгандыгы тууралуу 6-июнда араң маалымат берген

УКМКнын маалыматы боюнча, кармалгандар өлкөдө «бийликти күч менен басып алуу максатында массалык баш аламандык жана баш ийбөөчүлүк акцияларды уюштурууну көздөгөн». 

УКМК кармалгандар жыл бою «өлкө боюнча эң эле нааразы жарандарды өз катарына азгыруу жана тарапкерлерди тартуу» боюнча максаттуу иштерди жүргүзүп келгенин айткан. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, шектүүлөр жакынкы арада «уюштуруу иштердин төлөмүнө жана негизги кызмат көрсөткөн адамдарга сыйлык акыларды төлөп бериш үчүн чет элдик булактардан ири суммадагы акча каражатын күтүп жатышкан». 

Алар өз пландарынын автивдүү фазасын, УКМКнын маалыматы боюнча, «коомдо кайсы бир окуяга карата нааразычылык жаралары менен ишке ашырууну көздөшкөн».

Бишкектин Биринчи май райондук соту 7-июнда кармалган беш адамдын төртөөсүн 2023-жылдын 21-июнуна чейин УКМКнын тергөө абагына киргизүү чечкен. Ал эми бешинчи шектүүнү сот 2023-жылдын 21-июнуна чейин үй камагына чыгарган.