УКМК: «Кыргызкөмүр» ишканасында көмүр уурдоо боюнча туруктуу коррупциялык схема аныкталды

Шектүү. Сүрөт: УКМК

«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын Балыкчы филиалында көмүр уурдоо боюнча туруктуу коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу 8-июнда УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек ЖЭБине жеткирүүдө, ошондой эле Балыкчы шаарынын кампаларында көмүрдү сактоо учурунда темир жол транспорту менен ташууда аны эсептен чыгаруу жолу менен көмүр сатуу фактылары аныкталган.

Аудиттин алдын ала корутундусуна ылайык, ишканада 2021-жылдан бери жалпы 6361,2 тоннага жакын көмүр жетишсиздиги байкалган — бул 18 млн 995 миң сомду түзөт.

Мындан тышкары, күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз эсептен чыгаруунун жана туунду компаниялар менен мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун жүргүзүүдө да мыйзам бузуу фактылары аныкталган.

7-июнда тинтүү иштери жүргүзүлүп, кылмыш иши үчүн маанилүү болгон документтер жана ок атуучу куралдар, ошондой эле транспорт каражаттарынын жасалма номерлери табылып алынганы айтылды.

«Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча филиалдын директорунун орун басары кармалды. Учурда тергөө уланып жатат.

Өткөн жылдын июлунда Башкы прокуратура «Кыргызкөмүр» ишканасынын жетекчилиги мамлекетке 127 миллион сомдон ашуун зыян келтиргенин аныктаган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө «Кыргызкөмүрдүн» жетекчилиги жана жооптуу кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекеттин кызыкчылыгына карабастан эки ишкана менен Кара-Кече көмүр кенинен Балыкчы шаарына чейин 200 миң тонна көмүр жеткирүү үчүн атайын бекитилгенден эки эсе жогору баада келишим түзгөнү аныкталган.

«Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Билип туруп пайдасыз контракт түзүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүргөн.

Автору: Айжамал Бексултанова

ТЕМА БОЮНЧА:

Көмүр ташуудагы коррупция. «Кыргызкөмүрдүн» жана транспорт министрлигинин кызматкерлери кармалды