Эми анык. Депутаттык комиссия Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берди

Адахан Мадумаров

Материал 19:20да жаңыртылды

Жогорку Кеңештин депутаттарынан түзүлгөн убактылуу комиссия 22-июнда «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берди. Ал эми эл өкүлү өзү тагылган айыпты «перспективдүү эмес» деп атады

Маалыматка ылайык, маселе жабык эшик артында каралды. «АКИpress» агенттигинин билдиришинче, Мадумаровдун жоопкерчиликке тартылышына 17 депутат «каршы», калганы «макул» деп добуш берди.

Депутаттык комиссия эл өкүлүнө каршы прокуратура сунуштаган төрт берененин бири боюнча гана — «Бийликтен аша чабуу» беренесинин негизинде жоопко тартууга уруксат берди. Ал эми калган беренелер боюнча жоопкерчиликке тартууга каршы чыкты.

Ошондой эле Мадумаровдун депутаттык мандаты сакталып, ал эл өкүлүнүн милдеттерин уланта турганы айтылды

Ал эми Мадумаров өзү Kaktus.Media басылмасына 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол коюу боюнча козголгон кылмыш иши «перспективдүү эмес» деп билдирди.

«Албетте, мен суракка барып, тергөө менен кызматташам. Тергөөчүлөр бул перспективдүү эмес иш экенин түшүнүп турушат. Бирок эмне кылмак элек, бул деген буюртма. Муну көздөрүнөн окуй алам. Мен кесиптештеримден ушундай чечимди күткөм», — деп билдирди эл өкүлү.

Убактылуу депутаттык комиссиянын жабык отуруму өтүп жатканда Ак үйдүн алдында Мадумаровдун тарапташтары чогулушкан.

Буга чейин «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын аты жазылган фейсбук баракчасы билдирүү таратып, депутаттык комиссиянын курамындагы сегиз эл өкүлүнүн алтысы Мадумаровду жоопко тартууну колдогонун билдирген. Бирок фракциядан алардын атынан тараган билдирүү «фейк» экенин маалымдашкан.

21-июнда Мадумаровдун кесиптеши Дастан Бекешев аны кол тийбестиктен ажыратуу туура эмес деп эсептерин айткан.

«Мындай чечим “ал жерде” кабыл алынганы өкүнүчтүү. Президентке же анын айланасындагыларга коркунуч келтире турган бир дагы депутат жок. Коркунучту көп мактагандар же жер астына дымы чыкпай отурукташкан экстремисттер туудурат», — деди эл өкүлү.

Парламенттин 31-майдагы жыйынында төрага Нурланбек Шакиев депутат Адахан Мадумаровду жоопко тартуу боюнча баш прокурордон сунуш түшкөнүн билдирген.

Сунушта Мадумаровду Кылмыш-жаза кодексиндеги 36-берене (Кылмышка даярдык көрүү), 278-беренесинин (Массалык башаламандыктар) 1-бөлүгү, 326-берене (Бийликти күч менен басып алуу), 338-беренесинин (Бийликтен аша чабуу) 3-бөлүгү боюнча жоопко тартуу үчүн уруксат суралган.

Мадумаров өзүн жоопко тартуу боюнча башкы прокурордун сунушун «саясий иш» деп баалаган. Ошондой эле ал жоопкерчиликке тартылууга даярсызбы деген суроого «саясатчы болгондон кийин акырына чейин барууга даяр болуш керек» деп жооп берген.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Бүтүн Кыргызстан» алардын атынан тараган билдирүү «фейк» экенин билдирди

Мадумаров прокуратуранын жоопко тартуу аракетин «саясий иш» деп атады

Башкы прокурор Адахан Мадумаровду жоопко тартууга кайрадан макулдук сурады