«Клооп» стажёрлорду — изилдөөчү журналисттерди кабыл алууну баштады

«Клоопто» стажировка өтүүгө чакырабыз. Тарыхый журналисттик материалдарды чыгарган команданын бир бөлүгү болуңуз.  

Иш тажрыйбанын кереги жок, бирок эгер сиз дайыма интервью алганды жана/же документтерден керектүү маалыматтарды издегенди кааласаңыз/билсеңиз андан бетер жакшы

Биз стажировкага кыргыз же орус тилинде сүйлөгөндөрдү кабыл алабыз. Эки тилди тең билүү — артыкчылык, бирок талап эмес.

Иш убактысы күнүнө 4-8 саат. Башында толук күн иштеп баштап, кийин толук эмес иш күнгө өтсө болот.

Стажировканын мөөнөтү 3-6 ай.

Кыргызстандын бардык аймактарынан кабыл алабыз. Стажировканы аралыктан, ошондой эле кеңседе иштеп өтүү мүмкүнчүлүгү бар.

Стажировкадан ийгиликтүү өткөндө ишке алуу мүмкүнчүлүгү каралган, бирок кепилдик жок. Анткен менен сунуштоо каттарын берүү кепилденет.

Стажировка үчүн акы төлөнбөйт.


Жыл өткөн сайын «Клооп» журналисттик материалдардын татаал форматттарын өздөштүрүп жатат. Кайсыл бир кезде биз жөн гана тексттерди чыгарган жаңылыктар веб-сайты катары иштеп баштаганбыз.

Убакыттын өтүшү менен биз татаал материалдарды чыгара баштадык жана көбүнесе журналистиканын жаңы, кээде революциялык ыкмаларын Кыргызстанда биринчилерден болуп сынагандардан болдук. (Мисалы, 2012-жылы биз өзүбүздүн дронду курап, учурдук, ал убакта мындай аппараттар Кыргызстанга келе да элек болчу.)

Бүгүнкү күндө «Клооп» видео да, иликтөөлөрдү да, дата-материалдарды да, ал тургай өзүбүздүн тик-ток каналга атайын даярдалган контенттерди да чыгарып жатат.

Биздин командага жаңы адамдар керек, эмне үчүн экенин төмөндө окуңуз:

Биринчи себеби. Татаал контент


Материал канчалык оор болсо, анын үстүнөн ошончолук тыкыр жана масштабдуу иш алып баруу керек. Ал чоң көлөмдөгү маалыматтарды талдоо же белгилүү бир маалыматты верификациялоо же фактчекинг болушу мүмкүн — булардын баары материалдын сапатын арттырган нерселер.

Элестетсеңиз, мисалы, кайсыл бир шаарда жолду жарыктандырууга бюджеттен акча сарпталып, чырактар чын эле орнотулганбы-жокпу изилдеп жатабыз. Ал арада команданын бир бөлүгү маалымат издеп, текст жазып, аны тууралап, айтор, башка зарыл иштерди жасап жатканда кимдир бирөө жанагы айтылган жарыктар коюлуп атабы текшерип, жок болсо документке түшүрүп келиши керек болот.

Же болбосо, мисалы, биз шайлоодо бардык участкалардын протоколдорун көчүрүп алып, андагы сандарды байкоочулар шайлоо тилкелеринен сүрөткө тартып келген протоколдор менен салыштырып чыгуу керек. Бул деген чоң команданын жардамысыз ишке ашпаган эбегейсиз эмгек.

Баса, акыркысы реалдуу мисал. 🙂

Мына ушундай иштер үчүн да биз стажёрлорду издеп жатабыз. Сиз өз карьераңызга чоң түрткү боло турган, ошондой эле бизге Кыргызстанда адамдарга эң маанилүү маалыматтарды жеткирип турууга мүмкүндүк берген чыныгы тарыхый материалдарга тартыласыз.

Экинчи себеби. Бүткүл өлкөгө кулач жаюу

Биз Кыргызстандын ири шаарларындагы эле эмес, бүткүл өлкө боюнча дагы окуяларды чагылдырууну каалайбыз. Азырынча «Клооптун» Бишкек жана Ошто гана бюролору бар. Кабарчылар эгер кандайдыр бир чукул окуялар болуп кетсе ошол шаарлардан коңшу облустарга бара алышат, негизи биз өлкөнүн бардык аймагын өз күчүбүз менен деле камтып келебиз. (Мисалы, Оштогу бюробуздун кызматкерлери былтыр кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышты каармандык менен чагылдырып келишкен.)

Бирок биз андан да көптү каалайбыз. Биз Бишкек менен Оштун сыртында эмнелер болуп атканын дагы да болсо тереңден чагылдыргыбыз келет, мына ушул себептүү да бизге стажёрлор керек.

Бизди туура эмес түшүнүп албаңыздар, Бишкек жана Оштогу стажёрлорго да ыраазыбыз, бирок эгер сиз ушул эки шаардын сыртында турсаңыз же жок дегенде аймактарга көп чыксаңыз сиздин жериндеги экспертизаңыз бизге алтынга тете.

Стажировканын шарттары кандай, ал сизге эмне берет?

Стажировка башында акысыз болот, бул тууралуу дароо айтып, кабардар кылабыз. Бирок бул журналистикада, коммуникацияда, маалыматтар менен иштөөдө жана бардык ушуга тыгыз байланышкан тармактарда мыкты карьера куруунун маанилүү этабы.

Резюмеде «Клоопто» стажировкадан өткөн дегендин өзү эле чоң артыкчылык. «Клооп» өзүнүн жогорку журналисттик стандарттары менен да; тарыхка таасир эткен материалдары менен да; жана көптөгөн, анын ичинде эл аралык сыйлыктары менен да кеңири таанымал.     

Эгер сиз стажировка учурунда өзүңүздү мыкты жактан көрсөтүп, ийгилик жаратсаңыз, келечекте сизге профессионалдык жактан кызматташууну сунуштаганга же жок дегенде сизди бул тармактагы башка иш берүүчүлөргө сунуштаганга кызыктар болобуз.

Кызыкпы? Анда бул өтүнмөнү толтуруп, биздин команданын мүчөсү болуңуз.