Бишкекте миңдеген киши айт намазга катышты

28-июнда Бишкек шаарындагы Турдакун Усубалиев атындагы аянтта Курман айт майрамына карата намаз окулуп, ага миңдеген киши катышты.

Маалыматка ылайык, борбордук аянттагы намазга министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев катышышты.

Ал эми өлкө башчысы Садыр Жапаров Курман айт намазын Ысык-Көл облусунда Чолпон-Ата шаарындагы мечитте окуду.

Курман айт майрамына карата айт намазы өлкөнүн бардык мечиттеринде окулду. Ош шаарынын борбордук аянтындагы айт намазына 10 миңге чукул адам катышты.

Ага калаа мэри Бакытбек Жетигенов, облус башчысы Элчибек Жантаев жана башка жергиликтүү аткаминерлер келди.

Курман айт — Орозо айт майрамынан 70 күн өткөндөн кийин курмандык чалып белгилөөчү майрам.

ТЕМА БОЮНЧА:

Быйыл Курман айт майрамы 28-июнда белгиленет