Кара-Суудагы каналга чөгүп кеткен эки өспүрүмдүн сөөгү табылды

Иллюстративдик сүрөт

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Южный каналынан 9 жана 7 жаштардагы эки жаш баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу 12-июлда ӨКМден билдиришти

Маалыматка ылайык, жаш балдар сууга чөгүп кеткени тууралуу 11-июлда маалым болгон.

Министрликтин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн издөө иштеринин натыйжасында, 12-июль күнү саат 11:06да 9 жаштагы баланын сөөгү табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген. 

Ал эми 7 жашар баланын сөөгү ошол эле күнү 11:32де жакындары тарабынан табылган.

ИИМдин расмий маалыматына караганда, Кыргызстанда 2023-жылдын алгачкы 6 айында 60тан ашуун өспүрүм сууга чөгүп каза тапкан. 

Мындан улам ИИМдин Жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы  суу объктилериндеги коопсуздукту сактоо максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

ТЕМА БОЮНЧА:

ИИМ: Акыркы алты айда 60тан ашуун өспүрүм сууга чөгүп каза тапты

Баткен: Төрт-Гүлдө чөгүп кеткен өспүрүмдүн сөөгү табылды, дагы бири изделүүдө