Атай Өмүрзаковдун ADEM бий тобу America's Got Talent сынагынын кийинки туруна жолдомо алды

Кыргызстандык бийчи Атай Өмүрзаковдун ADEM тобу АКШдагы America's Got Talent 2023 сынагынын биринчи туруна катышты. Бул тууралуу 14-июлда бийчи өзүнүн инстаграм барыганда билдирип, сынактагы видеону жарыялады.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от ATAI SHOW ADEM (@atai.show)

Видеодон калыстар тобу жана көрүүчүлөр кыргыз бийчилерине таңыркап жатышканын көрүүгө болот. Бий жыйынтыкталганда калыстар аларды бир добуштан колдоп, ADEM тобу кийинки турга жолдомо алды.

«Ушул шейшембиде бизди Американын телеканалдарынан көрсөтүшөт. Бул жерге келүүгө көмөк көрсөткөнү үчүн президент Садыр Жапаровго терең ыраазычылык билдирем. Ал жардам бербесе, балким бул сынакка катыша алмак эмеспиз. Ошондой эле сонун трек үчүн Атай досубузга чоң рахмат», — деди бийчи.

Өмүрзаков «Тумар» жана «Тотем шоу» бий топторунун негиздөөчүсү. «Тумар» тобу 2016-жылы Britain’s Got Talent сынагынын биринчи этабынан өтүп, жарым финалга чейин жеткен.

Ошол эле жылы Өмүрзаковдун окуучуларынын ADEM тобу Словакияда өткөн Česko Slovensko má talent («Чехия жана Словакиянын таланттары») шоусунда жеңишке жеткен.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Агрессорду колдоду». Бийчи Өмүрзаков даниялык өнөктөштөрү кызматташуу келишимин бузганын айтты

Атай Өмүрзаков даниялык өнөктөштөрү кечирим сурап кат жөнөткөнүн билдирди