Нарындагы абактан Бишкекке которулган кримтөбөл Улан Токтосуновдун жакындары митингге чыкты

«Сакал» каймана аты менен таанымал кылмыштуу топтун мүчөсү Улан Токтосуновдун жакындары анын Нарындан Бишкектеги ТИЗО-1ге которулганына каршы болушууда. 23-августта ондогон киши Жаза аткаруу кызматынын алдына чогулду.

Нааразы болгондор «Токтосуновдун коопсуздугуна ким жооп берет», «Адилеттүү чечим чыгаргыла», «Өзү отурган абакта калуусун талап кылабыз» деген жазуусу бар плакаттарды көтөрүп чыкты.

Бүгүн эртең менен Токтосуновдун жубайы Асел Шабданалиева жолдошун борбор калаадагы абакка которуп жатышканын айтып, күйөөсүнүн коопсуздугуна тынчсызданып жатканын билдирген. 

«Нарында 10 жылга чукул жатты. Мурда өмүрүнө коркунуч жаралып жатканын айтып Бишкекке которууну суранганбыз, бирок баш тартып коюшкан. Азыр болсо [өткөн жылы СИЗО-1де өлтүрүлгөн] Чыңгыз Жумагуловдуку сыяктуу окуя кайталанбас бекен деп кооптонуп жатабыз», — дейт Шабданалиева.

Ал эми айыпталуучунун адвокаты Бактыбек Жумашев Токтосуновдун Бишкектеги ТИЗО-1ге эмне себептен которуп жатышканы белгисиз экенин айтты.

Бул боюнча Жаза аткаруу кызматынан комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

2015-жылы Улан Токтосунов Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү Дамир Сапарбековдун өлүмүнө шектелип кармалып, кийинки жылы 17 жылга соттолгон.

Ушул эле иш боюнч Токтосуновдон тышкары Зыпарбек Алиев 18 жылга, Дастан Таштанбеков төрт жылга эркинен ажыратылган

Өткөн жылы Нарын облусундагы Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси жана Токтосунов ишти кайра кароо өтүнүчү менен Жогорку сотко кайрылган. Бирок сот арызын канааттандырган эмес.