![](https://i1.wp.com/ky.kloop.asia/wp-content/uploads/sites/6/2023/08/photo1692949610.jpeg)
Ош облусунун Өзгөн районунун акими Шабдан Абыкбаев өз арызы менен кызмат ордунан бошотулуп, ордуна Алай районунун акими Каныбек Аббазов дайындалды. Бул тууралуу 24-августта Президенттин администрациясынан билдиришти.
Шабдан Абыкбаев Өзгөн районунун акими кызматына 2022-жылдын 31-майында дайындалган.
Маалыматка ылайык, Алай районунун акиминин ордуна Азамат Кожомамбетов дайындалды.
42 жаштагы Кожомамбетов буга чейин Ысык-Ата районундагы Красная Речка айылында айыл өкмөт башчысы кызматын аркалап келген.
ТЕМА БОЮНЧА:
Өзгөн районунун акими болуп Шабдан Абыкаев дайындалды