Ысык-Көлдө шыктуу балдардын «Акылман» президенттик лицейи ачылды 

Президент Садыр Жапаров 25-августта Чолпон-Атада өзгөчө шыктуу балдардын «Акылман» президенттик лицейин ачты. Бул тууралуу «Кабар» маалыматтык агенттиги билдирди.

Мамлекет башчысы «мындай балдардын акыл-ой чабыттарын ачуу, өзгөчө ыкмаларды колдонуу аркылуу андан ары өркүндөтүү жалпы билим берүү тармагына эле эмес, өлкөбүздүн өнүгүшүнө, келечек муундун туура багытта тарбияланышына баа жеткис салым болорун» белгиледи.

«“Акылман” лицейин түптөп, алдыга коюлган максатын ишке ашыруу менен жалпы мектептерде ар бир окуучунун талантын ачууга, алардын катарынын көбөйүшүнө өбөлгө бололу деген ниетте турабыз. Бул максатта мектеп окуучулары арасында ар кандай кароо-сынактарды, билимин аныктоочу олимпиадаларды системдүү түрдө уюштуруп туруу негизги иш-чарага айланышы зарыл», — деди президент лицейдин ачылышында. 

«Акылман» лицейинин ачылышы. Сүрөт: «Кабар»

Президент Чолпон-Атада «Акылман» лицейин түзүү жөнүндөгү жарлыкка 15-июнда кол койгон.

Лицейге 6-классты бүтүргөндөр кабыл алынат. Окуучулар өздөрүнүн кызыкчылыктарын жана өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен айрым предметтерди жана аларды окуутунун деңгээлдерин өз алдынча тандай алышат.

Лицейге биринчи жылы республика боюнча жалпы 72 окуучу кабыл алынат. Ар бир класста 24төн ашпаган бала окуйт. Лицейде билим алуу акысыз болот, ал эми башка аймактардан келген балдарга тамак-аш жана жатакана бекер берилет.