УКМК кайгуул кызматынын башкы инспекторун пара алууга шектеп кармады

Жол кайгуул кызматынын башкы инспектору, милициянын ага лейтенанты опузалап алган параны кайтарып берип жатканда кармалды. Бул тууралуу 26-августта УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүү 9-августта жеке айдоочулук мектепте инструктору менен практикага чыккан орус жаранынан акча талап кылган.

«Ал жол эрежесин бузганы үчүн негизсиз айыптоо, сабак өтүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратам деп коркутуу жана күбөлүк алууга тоскоолдук кылуу аркылуу жабырланучуудан 10 000 сом алган», — деп белгилешти атайын кызматтан.

Шектүү 24-августта мурда алган акчаны кайтарып берип жатканда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

Буга чейин, 17-августта УКМК тарабынан баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүү учурларын жашыруу жана пара опузалоого шектелип ИИМдин беш кызматкери кармалган болчу.

Кызматкерлер кармалгандан кийин 18 жетекчи жазаланып, алтоо иштен бошотулган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкек: Баңгизатка байланышкан иш боюнча дагы үч милиция кызматкери кармалды

УКМК: Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүү үчүн пара опузалаган ИИМ кызматкерлери кармалды