Тоң: Көк-Мойнок-1 айылында сел жүрүп, 30 турак жайды суу каптады

Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Көк-Мойнок-1 айылында 30 турак үйдүн короо-жайларын, жертөлөлөрүн жана ички жолдорун сел каптады. Бул тууралуу 28-августта ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык 27-августа катталды. Сел жүргөн аймакты тазалоо үчүн ӨКМден 32 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 10 адам чыкты.

Ошондой эле оор жумуштарды аткарууга министирликтен кошумча 6, жергиликтүү бийликтен 2 техника тартылды.

Үстүбүздөгү жылы өлкөдө жылына орто эсеп менен 73 сел жүрдү, анын 6 учуру өзгөчө кырдаал деп катталган.

Август айынын башында 10дон ашык каттуу сел катталып, анда Ысык-Көл облусунун Түп, Жети-Өгүз райондору жана Чолпон-Ата шаары, Жалал-Абад облусунун Аксы, Базар-Коргон жана Ала-Бука райондору, Баткен облусунун Баткен району жабыр тарткан.

Автору: Фатима Нургазы кызы

ТЕМА БОЮНЧА:

ӨКМ: Нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн