Эсептөө палатасы Маммүлк фондунда дээрлик 1 млрд сомдук финансылык бузууну аныктады

Эсептөө палатасы Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун 2022-жылга карата ишине жүргүзүлгөн текшерүүсүнүн отчётун берди. Текшерүүнүн жүрүшүндө мекеме 75 мыйзам жана укуктук ченемдерди бузууну аныктаган. Бул тууралуу палатанын отчётунда айтылат

«Аныкталган финансылык бузуулардын суммасы 964 млнс 782 миң сомду түздү, анын ичинен: 124 млн сом орду толтурулушу керек болгон сумма болуп эсептелчү, текшерүүнүн жүрүшүндө 1 млн 20,8 мин сомдун орду тургузулду», — деп билдирди Эсептөө палатасы.

Палатанын отчётуна ылайык, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунда финансылык бузуулар республиканын бюджеттик тутумунун бюджетинин долбоорун түзүүдө жана кароодо аныкталган. Мындан тышкары, мүлктү пайдалануу, бухгалтерия жүргүзүү, анын ичинде мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамын бузуулар аныкталган.

2022-жылы Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондду кызматынан 2023-жылдын февралында кеткен Мирлан Бакиров башкарган болчу. Бакировдун ордуна мурда Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматын жетектеген 53 жаштагы Канатбек Тургунбеков дайындалган

Президенттик шайлоодо ал Садыр Жапаровдун шайлоо штабын, ал эми 2020-жылы күзүндө өткөн парламенттик шайлоодо «Кыргызстан» партиясынын штабын жетектеген.

Ал эми 2023-жылдын мартында президент Садыр Жапаров Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондун Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик кылып кайра түзүү жөнүндөгү жарлыкка кол койгон

Бийлик бул реформасы менен башкаруу органдарына кадрларды тандоо жана көрсөтүү системасынын ачык-айкындыгын жогорулатууну, мотивация жана жоопкерчилик системасын күчөтүүнү жана «көз карандысыз директорлор» институту тажрыйбасын киргизүүнү каалаган.