Бишкек: Балдардын тамагынан курт чыкты делген бала бакчанын директору иштен алынды

Балдарга берилчү тамактан курт чыкты делген Бишкектеги №173 бала бакчанын директору Айжан Кеперакунова кызматтан алынды. Бул тууралуу «Клоопко» 9-сентябрда шаардык мэриядан билдиришти.

Буга чейин соцтүйүнгө аталган бала бакчада тарбиялангандарга берилген тамактан курт чыкканы тартылган видео тараган. Соцтүйүндүн айрым колдонуучулары буга нааразы болуп, күүнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылган.

Аталган видеодон кийин мэриянын билим берүү департаменти комиссия түзүп, бала бакчадагы азык-түлүктү сактоо эрежелери боюнча текшерүү жүргүзгөн.

Анын жыйынтыгында эреже бузуулар бар экени аныкталып, бала бакчанын директорун кызматтан четтетүү чечими кабыл алынган.

Үстүбүздөгү жылдын январында Ноокат районунун Мирмахмудов айылындагы бала бакчанын ашканасында санитардык талаптар сакталбай жатканы тартылган видео тараган.

Видеонун автору бакчанын ашканасындагы «жытка чыдап болбой турганын» айткан. Ал тамак жасалган идиштердин жерде турганын көрсөтүп, имарат нымдашып кеткенин белгилеген.

Кийинчерээк айыл башчы Майрамбек Нурматов бакчанын ашканасы жок болгондуктан имарат убактылуу тамак жасоого пайдаланылып келгенин айткан. Ал окуя боюнча акт түзүп, тиешелүү чара көрүүнү убадалаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ноокат: Бала бакчанын ашканасынын санитардык абалы боюнча айыл өкмөт башчысы түшүндүрмө берди

Элдик Курултай: Садыр Жапаров делегаттардан мектеп, бала бакча маселесин козгобоону суранды