Эртең Ленин округунда кайрадан шайлоо өтөт. БШК үгүт иштери токтотулганын кабарлады

Борбордук шайлоо комиссиясы 9-сентябрда Бишкектин Ленин шайлоо округунда «жымжырттык күнү» экенин кабарлады. Ага ылайык, талапкерлер үгүт иштерин токтотту.

Эртең, 10-сентябрда аталган округда депутаттык шайлоо өтөт. Мыйзамда шайлоо алдындагы үгүт иштери добуш берүүгө 24 саат калганда токтотулары белгиленген.

Ошол эле кезде, буга чейин шайлоо участкаларынын аймагынан тышкары жерге илинген үгүт материалдары добуш берүү күнү деле өз ордунда калат.

«Шайлоо алдында үгүт жүргүзүүгө катышуу үчүн БШКдан уруксат алган жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар “жымжырттык күнү” үгүт жүргүзүүгө укугу жок», — деп кошумчалашты БШКдан.

Ленин районундагы мөөнөтүнөн мурда экинчи жолу өткөрүлүп жаткан шайлоодо жалпы 24 талапкер ат салышууда. Алардын 19у эркек, 5и аял. Ал эми шайлоочулардын саны — 127 миң 239 адам. Аймакта 51 добуш берүүчү жай уюштурулду. Шайлоого 13 млн 208 миңден ашык сом жумшалары күтүлүүдө.

Жыйынтыгы жараксыз деп табылган шайлоо

28-майда Бишкектеги бир мандаттуу №26 Ленин шайлоо округунда мөөнөтүнөн мурда депутаттык шайлоо өткөн. Анда Дамира Ниязалиева шайлоочулардын эң коп добушуна татыса, Улан Сариев экинчи орунга чыккан.

Эртеси күнү Ниязалиеванын үстүнөн «Добуш сатып алуу» боюнча иш козголгон. Анын штабы тинтүүгө алынып, мөөр басылып жабылган. Буга интернетте тараган аудио негиз болгон.

Ал эми 1-июнда УКМК экинчи орунда эң көп добуш алган талапкер Сариев добуш сатып алууга шектелип жатканын билдирген.

16-июнда Боршайком мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапкан. Шайлоо өткөрүүгө бюджеттен 18 млн 636 миң 500 сом жумшалган.

Мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүгө экс-депутат Жаныбек Абировдун «кафелердин биринде күзөтчүнү сабаганы» айтылып, коомчулуктун кызуу талкуусунан соң мандатын тапшырганы себеп болгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ленин округундагы кайра шайлоо: БШК Турсунбай Бакир уулуна эскертүү берди