«Бирөө ооруканада, экөө изделүүдө». Түркияда кулаган тик учакта үч кыргыз жараны болгону кабарланды

Стамбулдагы Башкы консулдук

Түркияда өрт өчүрүүгө тартылган тик учак кырсыкка кабылды. Анда үч кыргыз жараны болгон — бири ооруканага түшүп, экөө изделүүдө. Бул тууралуу 17-сентябрда Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 16-сентябрда 23:53тө Измир шаарына жакын Мендерес аймагында болгон. Токойдогу өрттү өчүрүүгө тартылган учак дамбага кулап түшкөн. Учакта жалпы төрт киши болгон.

Түркиядагы консулдуктун кызматкерлери окуя болгон жерге жөнөп кетишкени айтылат. Алар кырсыктын чоо-жайын тактап, кыргыз жарандарына керектүү жардамдарды көрсөтүү үчүн жолго чыгышкан.

Башкы консулдук кыргыз жарандарынын эмне себептен өрт өчүрүү ишине катышып калганын ачыктаган жок. Бирок алардын Түркияда учкуч катары келишимдик негизде иштеп жүргөнү тууралуу маалыматтар айтылууда.

Мендерес аймагындагы токой 16-августта өрттөнө баштаган. Тилсиз жоо эмнеден келип чыкканы азыркыга чейин белгисиз. Тез эле чоң аймакка жайылган өрттү өчүрүүгө 9 учак, 20 тик учак, суу ташыган 54 унаа, жумушчу 10 унаа жана 500гө жакын өрт өчүрүүчү тартылган.