![](https://i1.wp.com/ky.kloop.asia/wp-content/uploads/sites/6/2023/09/photo1695301736-e1695301932618.jpeg)
Ош шаарында унаа сүзүп кетип ооруканада каза тапкан 1-класстын мектеп окуучусунун өлүмүнө шектүү катары Кара-Суу районундагы жеке менчик медициналык мекеменин башкы дарыгери кармалды. Бул тууралуу 20-сентябрда «Турмуш» басылмасы билдирди.
19-сентябрь саат 11:40та Ош шаарындагы Абсамат Масалиев көчөсүндө жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан окуучуну Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаанын 31 жаштагы айдоочусу коюп кеткен.
Окуучуну ооруканага алып барышкан, бирок ал каза болуп калган.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
ТЕМА БОЮНЧА:
Ошто 1-класстын окуучусун унаа сүзүп кетип, ал ооруканада көз жумду