Мамлекеттик өнүктүрүү банкына өкмөт жалгыз акционер боло алган мыйзам долбоору сунушталды

Министрлер кабинети «Кыргызстандын мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө» колдонуудагы мыйзамга түзөтүүлөрдү сунуштаган мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды.
 
Колдонуудагы мыйзамга киргизилүүчү негизги өзгөртүүнүн мааниси — Министрлер кабинети Мамлекеттик өнүктүрүү банкына жалгыз акционер боло алганында. Мындан тышкары, минкаб ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жүктөй алат.

Ошондой эле Мамлекеттик өнүктүрүү банкына «Банк жана банк иштери жөнүндө» мыйзамдын жана өлкөнүн Улуттук банкынын ченемдик-укуктук актыларынын күчүн жайылтпоо сунушталууда. Ал эми минкаб Мамлекеттик өнүктүрүү банкы үчүн отчеттуулукту түзүү жана берүү бөлүгүндө экономикалык ченемдерди жана талаптарды белгилейт.

Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын функцияларына Кепилдик фонддор арыз берүүчүлөрдүн Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын алдындагы милдеттенмелеринин бөлүгүнө чакан жана орто ишкердиктин кредиттери боюнча, өзгөчө учурларда – Министрлер Кабинетинин сунуштамасы боюнча кепилдиктерди берүү укугун дагы кошуп берүүнү каалашат. 

Ошондой эле Мамлекеттик өнүктүрүү банкы коммерциялык банктарда жана башка каржы уюмдарында эсептерди ачып, юридикалык жактардын уставдык капиталдарына катышып жана инвестициялык ишмердүүлүк жүргүзө алат.

Мыйзамдын долбоорунда Улуттук банк Мамлекеттик өнүктүрүү банкына көзөмөл жүргүзбөйт жана андан банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия алуу жана банктык мыйзамдарынын талаптарын сактоо талап кылынбайт деп айтылат.

Минкаб өз мыйзам долбоору аркылуу Мамлекеттик банк жүзөгө ашыра ала турган операцияларды дагы кеңейтип берүүнү сунуштап жатат:

  • Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын долбоорлорун ишке ашырууга катышуучу юридикалык жактарга банктык кепилдиктерди акы төлөө негизинде берүүнү же үчүнчү жактардын акчалай түрдө аткарууну караган башка милдеттенмелерин кабыл алууну;
  • долбоордук иштердин алкагында, ошондой эле ликвиддүүлүктү башкаруу максатында баалуу кагаздарды сатып алууну жана сатууну жүргүзүүнү;
  • лизингдик операцияларды жүзөгө ашырууну;
  • үчүнчү жактардын милдеттенмелерди акчалай түрдө аткарууну караган талап укуктарын сатып алууну (факторинг);
  • максаттарга жетүү жана Банктын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн операцияларды чет өлкөлүк валютада жүргүзүүнү;
  • Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын ички актыларына ылайык максаттарга жетүү жана банктын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн башка ишти жүргүзүүнү жана бүтүмдөрдү жасоону.

Мыйзам долбоорунда банктын акционери, башкача айтканда, Министрлер кабинети банктын ишмердүүлүгүнүн маселелери боюнча бардык чечимдерди кабыл алуу укугуна ээ болуу менен Мамлекеттик өнүтүрүү банкынын жогорку башкаруу органы болуусу дагы сунушталган. Ошондой эле Министрлер кабинетине «Акционердик коомдор жөнүндө» мыйзамында белгиленген чектөөлөр жайылтылбайт.

Мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесинде түзөтүүлөр мыйзамдардагы коллизияны жоюу жана Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын ишин башкаруунунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында иштелип чыкканы айтылат.

«Сунуш кылынган мыйзам долбоорун кабыл алуу Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын ишин жөнгө салынуучу чөйрөдө кармап турууга, анын каражаттарды тартуу мүмкүнчүлүгүн жана башка өнөктөштөр жана контрагенттер менен мамилелерин жакшыртууга мүмкүндүк берет», — деп айтылат документте.

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономика жана фискалдык саясат боюнча комитети бул мыйзам долбоорун үч окууда кабыл алды.

Депутат Дастан Бекешевдин пикиринде, мыйзам долбоорду кабыл алуу Мамлекеттик өнүктүрүү банкына «Мегакомду» жана башка активдерди сатып алууга, ал эми Министрлер кабинетине ар кандай долбоорлорду Улуттук банк менен макулдашпастан ишке ашырууга жол ачат.   

«Кандай кесепети болот? Менимче, алдыңкы келечекте банк тармагынын шору катат болушу керек», — деп эсептейт ал.

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы 2022-жылы түзүлгөн. Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев банк атамекендик «Мегаком» («Мега») уюлдук операторун сатып аларын билдирген. Демек, компания «мамлекеттин карамагында калып, өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсүнө өз салым кошуусун улантат» деп белгилеген ал.